Азамат Бекназаров: “Google компаниясында иштесем да Жапониядан кетким келбейт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Талантты өстүрүш үчүн  тынымсыз аракет менен эрк керек экенин тастыктаган Азамат Бекназаров учурда Жапонияда жашап, дүйнөнү дүңгүрөткөн  Google компаниясында эмгектенип келет. Канчалаган IT адистеринин кыялына айланган компанияда  тоолуу Нарын өрөөнүнөн келип дүйнөнү багынткан компанияда иштеп калганы тууралуу кыскача кызыктуу маалыматтарды бергибиз келди. Балким кыялына ишенбей талантын катып жүргөн жаштарга үлгү болуп, алардын алдыга кадам таштоосуна себепчи болоор.

Балалык көз ирмемдер

Менин балалык көз ирмемдерим туулуп өскөн айылымдын жаратылышына толуп турат. Жумгал районунан караштуу Түгөл-Сай айылында чоң апамдын колунда тарбияландым. Ал кишинин ар бир сөзү мени эрктүү, сабырдуу, тырышчаак болууга тарбиялады. Чоң апам айыл өкмөттө эсепчи болуп эмгектенчү. Үйдө шурудай тизилген эсеп такталар илинип турчу. Ошол такталар мени эсеп жагынан так болуума, тез эсептеп иштөөмө себепчи болду. Мен 6-класска чейин айылдагы орто мектепте билим алып, кийин Бишкектеги №1 жатак интернатында  билим алдым.  Интернатты аяктагандан кийин өз кызыгуум менен БААУнун социологиясына тапшырдым. Ал кезде мени филосифия менен социалдык психология  кызыктырып, коомдогу көрүнбөгөн көйгөйлөр менен жакындан иштешким келчү.

Студент күндөр мени катуу тарбиялады

Окуу жайга студент болгону биринчи жыл мени катуу тарбиялады. Өзүмдүн үстүмөн иштеп кемчиликтеримди жоюуга аракет кылдым. Анткени мен мектепти кыргыз тилинде аяктап, окуу жайдагы сабактар орус жана алглис тилинде өтүлчү. Башка орус тилдүү студенттер менен теңтайлашышка туура келип, китепканаларда канчалаган китептерди окудум, ошол эле учурда комуз, гитара ийримдерине катышууга жетишчүмүн.

Чоң апамдын эсеп такталары Google компаниясына жол ачты

Окуу жайда мен англис тилин суудай сүйлөп, алардын түшүн жоруп берген деңгээлде үйрөндүм. Кыялды максатка айлантып, аны ишке ашыруудагы өжөрлүк менен эрктүүлүктү калыптандырдым.

Бала кезде ары бери жылдырып ойногон эсеп такта баары бир мени жеңип так эсептерге жетеледи. Алгач жапондордун ири компаниясы Rakutenде web-developer болуп эмгектендим. Жапон эли ишке так, эмгекчил, жоопкерчиликтүүлүгүн үйрөндүм. Ал жерде үч жыл иштегенден кийин компаниядагы  багытымды өзгөртүүнү чечип, Google компаниясына кирип иштеп кеттим. Үч жыл аралыгында көптөгөн пландарды иштеп чыктым, анализ жүргүздүм.  Негизги максатым менден акылдуу,  интелектуалдык деңгээли жогору болгон адамдардын чөйрөсүндө иштөө болду. Тынымсыз аракеттин арты менен  Google компаниясынан орун таптым. Бул мен үчүн бактылуу мүнөттөр болгон.

IT-кызматкерлеринин өз кызыкчылыгына жараша иш табылат

Баардык IT-кызматкерлери үчүн бир жоопту берүү бул жаңылыштык. Кимдир бирөөлөр үчүн  Google  компаниясында иштөө жөн гана кыял, кимдир бирөөндө максат. Максат койгондор анын үстүнөн тынымсыз иштеп, жаңылып жыгылган сайын кайра туруп алдыга кете берет. Ал эми айрымдар бир-эки жолу аракет кылат да бул кыял экен ал жакка кирүүгө мүмкүн эмес деп бир жерде кала берет.

Учурда ар кандай веб-долбоорлордун үстүндө иштеп жатам, мындан сырткары online advertising жагынан кеңеш берип келем.  Америкалык компанияда иштесем да Жапониядан кетким келбейт. Жапон өлкөсү менин бала кезимдеги кыялым болучу. Жапондордун электроникасы, роботтору, техникалык жетишкендиктери мени кызыктырып, өз көзүм менен көрүп, ушул өлкөдө жашап иштесем деп катуу кыялдангам. Балалык кыялымда дайыма Жапондун өлкөлөрүндө жашачумун. Кийин студент кезимде Жапон борборуна барып жапон тилин өздөштүрө баштагам.  Окуу жайды аяктап жатып, ал жерден Жапон окуу жайларына магистратурага тапшырсам боло турганын билдим. Бул мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк эле. Документтеримди тапшырып, University of Tsukuba  өтүп кеттим. Ошентип менин кыялым чыныгы жашоого айланды. Азыр Кыргызстанга жылына бир жолу келип, туулган жериме болгон саныгычымды таратып кетем.

Максатка айланган кыялым бар

Мен IT тармагы менен калгым келбейт, бир орунда калган адам бул өсүшү токтоо менен барабар. Жакынкы аралыкта эки багыт менен иштөөнү көздөп жатам. Азыр нейробиология деген жаңы багыт бар, учурда анын үстүнөн иштеп жатам.

Кыялды аткарууда бардык тармакка баш багыш керек

Багытын таба албай жаткан жаштарга айтаарым баардык тармакка баш багып иштеп кыйынчылыктары менен беттешип көрүш керек. Адам ошондо гана өсөт, багытын табат. Эинени кааласаң ошол нерсени аткарганга аракет кыл дейт элем. Ийгиликтин бир пайызы дем берсе 99 пайызы тер берет деген Эдиссондун жакшы сөзү бар. Эгерде багытталган максатын болсо анын үстүнөн тынымсыз иштеш керек.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg