Аялынын моюнуна бычак сайган 45 жаштагы күйөөсү кармалды

Аялынын моюнуна бычак сайган 45 жаштагы күйөөсү кармалды

23-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында аялына бычак сайган делип 45 жаштагы эркек киши кармалды.Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 19-майда болгон .Анда эркек киши аялына кол көтөрүп, моюнуна бычак сайып жиберген.Анын негизинде 40 жаштагы Н.Ж аттуу аялы облустук милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган окуя боюнча,күйөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда, кылмышка шектүү жаран кармоочу жайга камакка алынган.

Булак:Аргумент кж