Аялынан бир ай мурун айрылган жигит «балдарыма эне болчу» деп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жигитим экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп баш коштук. Аны катуу сүйгөм. Тилекке каршы, эки жылдан кийин ажырашып кеттик. Кызыбыз үчкө чыгып калды. «Күйөөсүз эле жашайм, өзүм бутка тургандан кийин гана турмушка чыгам» деген чечим кабыл алдым. Сөзүмө туруп, көптөгөн жигиттердин сунушун четке кагып келдим. Үй-жайы, туруктуу жумушу бар, өзүмдөн беш жаш улуу мырзага жубай болоорумду элестеткем. Бирок, бул жылы пландарымдын баары бузулду. Кесиптештерим менен бир эженин үйүнө конок болуп калдык. Ал эженин эки кичинекей небереси бар экен, келини бир ай мурун өтүп кетиптир. Балдарды көрүп, аялынан жаш айрылган уулун эстеп боорум ооруду. 66 Көп өтпөй эже мага чалып, уулу менен сүйлөшүп, аны алаксытып стресстен арылтуумду суранып, «мага келин болуп калсаң экен» деди. Апасынан кийин уулу байланышка чыкты. Таң калганым тез эле үйлөнүү сунушун киргизгени болду. «Жок» десем көнбөй жатат. Мен аны сүйбөйм. Же биринчи күйөөмө болгон сезимдерим дале өчө элекпи, билбейм. Аялынын өткөнүнө бир жыл боло элек жатып, «балдарыма эне болчу, кичинекей кезинде сага көнүп кетишсин»,-деди. Мен үч бала менен үйдө отургум келбейт жатат. Болочок кайын энемдин мүнөзү көп жага бербейт. Баласы мурунку жолдошума салыштырмалуу токтоо жана сабырдуу экен. Мени жакшы көрүп калганын, башкага үйлөнбөй турганын, бизди бактылуу кыларын айтат. Апасы да улам-улам чалып «баш тартпа, балам сага көнүп калды» деп жатат. Уулу менен таанышканыма, үйүнө барганыма өкүнүп кетем. Кызым «ата» деген ким экенин билбейт. Атасына жолуктурсам тааныбай качып барбай койгон. Аябай эрке жана кызганчак. Мени эле айланчыктап турат, тайкелеринен кызганат. 6 «Кызым кандай кабыл алат», «эки баланы бир тууганым дей алабы», «алардан кызганып турса, экөөнө кантип мээрим бере алам», «жок десем балдардан кечип кеткен боломбу» деген ойлор тынчтык бербей келет. Мен да бактылуу жубай, мээримдүү эне болгум келет. Бирок жалгыздыкка көнүп калдым, мага ушул жашоом жагып жатат. Баса, ушул ойлорумдун баарын тиги жигитке айтып көрдүм, «ойлонбо баары жакшы болот» дей берет. Эгер турмушка чыгып кетсем, эл «эки жылда эле тийди » дейт болуш керек. Сүйүү жок болсо деле, кичине балдар менен чыдап жашап кете аламбы? Же кайра күйөө санын көбөйтүп аламбы? http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg