«Аялын түрмөдө зордукташат деп коркутушкан». Жала-Абадда кыйноого кабылган ырчынын окуясы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын тургуну, ырчы Белек Курманбековго карата Кыргызстанда кыйноо фактысы болгонун жарыялаган чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Адилет» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, эл аралык орган 2023-жылдын 11-апрелинде чыгарган өз чечиминде Курманбековдун укуктары, анын ичинде адамдын эркиндиги жана кол тийбестиги, эффективдүү тергөө укугу, кыйноого жана мажбурланбоого укугу бар деп тапты.

Кыйноого кабылган жарандын кызыкчылыгын Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун юристи Уткир Жаббаров коргоду.

20 жаштагы Белек Курманбеков 2012-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад ОИИБдин жана Аксы РИИБдин 15 кызматкери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы өз үйүнөн кармалган. Кармоо учурунда Белекти катуу сабап, муунтуп, эс-учун жоготкон абалда алып кетишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, болуп жаткан окуяга кийлигишүүгө аракет кылган анын жакындары, тактап айтканда 2-топтогу майып апасы, кармалган адамдын таежеси жана жубайы да ур-токмокко алынган.

Оперативдүү кызматкерлер Белектин аялын окуяга шериктеш болгон деп күнөөлөшүп, анын чачын кырып, түрмөгө камайбыз, ал жактан кезек менен зордукташат деп коркутушкан. Аялынын көзүнчө оперативдүү кызматкерлер Белектин башына баштык кийгизип кыйнашкан.

Белек Курманбеков кармалгандан кийин эртеси Аксы РИИБге жеткирилип, ага жергиликтүү тургунду өлтүргөн деген айып тагылып, милициянын маалыматы боюнча, бул «бейбаштык максатта» жасалган. Төрт ыкчам кызматкер жүргүзгөн сурак учурунда Курманбеков күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн катуу сабалган. Анын ашказанына жана башына сокку уруп, башына баштык кийгизип кыйнашкан.

Курманбековго карата кыйноо фактысын прокуратура да, бардык инстанциядагы соттор да тааныган эмес. Укук коргоочулар БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга аргасыз болушкан. Ал 13 жылга кесилип, анын алты жылын өтөп, мунапыс менен бошотулган.

Юстициянын жактоочусу Уткир Жаббаровдун айтымында, мындан ары БУУнун комитетинин чечимин ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Алар өкүмдү жокко чыгаруу, кыйноо фактыларын иликтөө жана компенсация төлөп берүү болуп саналат.

«Кыйноолордун курмандыктары боюнча комитеттин чечими өкүмдү жокко чыгаруу зарыл болгон учурларда өзгөчө мааниге ээ. Мындай жагдайларда кыйноого кабылгандарга тагылган айыптарды карап чыгып, актоо өкүмүн чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Уткир Жаббаров

Аргумент.kg