Аялыма шопур болуп жумушка орношкондон кийин жашоом өзгөрдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Досторум мени таканын алдына кирип кетипсиң дешти. Макул дедим. Аялыңдан коркосуң дешти. Макул дедим. Ошону эле мактай бересиң дешти. Макул дедим. Ээ, барчы дешти. Макул дедим. Анан үйдү көздөй жөнөдүм.

Аялымды мактагандан уялбайм. Могу заңгыраган үйгө, алдыбыздагы машинага анын арты, эмгеги  менен жеткенбиз. Жаңы баш кошкондо эч нерсебиз жок эле. Мен мамлекеттик жумушта иштейм. Жарыбаган айлык алам. Балалуу болгондон кийин таптакыр кыйналып кеттик. Анан аялым бизнес баштады.

Үйдө отуруп эле буйрутма алып кийим тиге баштады. Бала менен кантип жетишип жатты билбейм. Жумушун мыкты аткарат. Колунан баары келет. Мендей жалкоо эмес. Жумуштан келсем мага баланы карматып коюп, базарга кездеме алганы жөнөйт.

Түнкүсүн ал жок уктабайм. Баланы жаткырып коюп, жанына барып бир нерселерин кармалашам. Кыркып берем, топчусун кадайм. Таңга жуук уктап алып, кайра ишке жөнөйм.

Буйрутма көбөйө баштады. Анан аялым жанына эки кошуна келинди алды. Мен түшкү тамактануу маалында даяр болгон буйрутмаларды ташып иштей баштадым. Үйгө келатканда мага чалып кандай жип, кездеме ала келиш керек экенин айтып коет.

Аялым кыйын. Акылдуу. Баарына жетишип жатты. Ортодон дагы балалуу болдук. Мен жумуштан чыктым. Ал жакка караганда аялыма шопур болуп иштесем көбүрөөк табам. Колумдан бир нерсе гана келет – колдоо. Мен колдоп гана жардам берип жаттым. Калганын баарын келинчегим өзү бүтүрдү. Тоскоол болгон жокмун. Кээде балдарды алып айылга кетип калып жаттым. Алаксыбай, тынч иштесин деген эле оюм.

Бутубузга турдук. Кыйналып жашаган жашоо артта калды. Кымбат кафеден тамактануу, сапаты жакшы кийим кийүү кандай экенин билдим. Мурда өзүм элестете албаган нерселдерге жеттим. Көрбөгөн нерселерди көрдүм. Мунун баары аялымдын арты менен болду. Анан мен эмнеге аялымдын кыйын экенин моюнга алып мактанбашым керек.

Азыр чоң цех иштетет. Жумушчулары абдан көп. Экөөбүз ар дайым кол кармашып чарчап үйгө келебиз. Мурдагыдай эле ал мен жок, мен ал жок уктабайм.

Баса, кечээ уктар алдында аялым мени катуу кучактап, “рахмат” деди. Эмне үчүн экенин билдим. Демек, убагында туура кылыпмын.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg