
Аялым төшөктө салкын.Эмне кылсам?
14-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваШаарда чоңоюп калгандыктанбы, айтор, өзүн аябай жакшы көрөт, жанын кейиткиси келбейт. Анысы го эми анча трагедия болбосо керек. Кеп башкада…
Баарынан да мени түйшөлткөнү… төшөктө такыр эле муздак, салкын мамиле жасайт.
Негизи сүйүшүп, сүйлөшүп эле үйлөнгөнбүз. Азыр деле мага мындай жасаган мамилеси жакшы, ата-энем, туугандарым келсе сыйлайт. Анан эле жатаарга келгенде кабагы бүркөлүп, ар кайсы шылтоону айтып, айтор таптакыр эле башкача. Ушул нерсеси мени бушайманга салчу болду.
Башында көп антчү эмес. Эмнеден улам өзгөрүп жатканын түшүнбөйм… Ооба, айрымдары «мындан башка көйгөйү жок бекен» деп ойлошу мүмкүн. Бирок үй-бүлөдө, жубайлар ортосунда бул башкы нерсе да. Мамиле төшөктөн жакшырып, төшөк үчүн бузулат эмеспи.
Кээде көңүлдөш эле таап алсамбы деп да ойлоп кетем. Бирок ага берилип кетип, уямды бузуп алуудан корком. Кызыма мыкты ата болуп, бүтүн үй-бүлөдө чоңоюшун каалайм. Анын үстүнө аялымды жакшы көрөм.
Келинчегимдин кескин өзгөрүп кетүүсүнө эмне себеп болушу мүмкүн. Мени жактырбайбы, же башканы таап алганда ушундай болуп калабы? Кантип экөөбүздүн төшөктөгү мамилебизди жакшыртсак болот? Же мага канааттанбай жатабы, айтор, башымда суроо көп… Кеңеш күтөм.