Аялым менен уулумдун өлүмүнө күнөөлүмүн

Аялым менен уулумдун өлүмүнө күнөөлүмүн

22-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

“Жашоо өтө татаал! Жашоону түшүнгөн адам гана татыктуу жашай билет!” деген сөз чын белем… Бүгүн эмнеден улам ойлорум оңго-солго урунуп турду. Санаам кайдадыр сабаалап учуп, ал күндөр эсимде каймактай болуп калкып, жан дүйнөмдүн жараатын козгой берди. “Жарык дүйнөдө бардыгы сонун, бирок, ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар болот” деген сөздүн маңызын эми билип отурам.

Ал кезде мен ЖОЖдо акыркы курста окуй тургам. Анда эмне, жаштык кездин шаан-шөөкөт шарапаты менен ойноп-күлүп жүргөн кез да. Жаштык кылдымбы, айтор, бир жаш селкиге ашык болуп калдым. Бир күнү ал окуу жайга кирип келе жатканда бутун чалып жибердим. Ал жыгылып бара жатканда кармап калдым. Селки колун имере тартып алып, “Бокмурун, жигит болсоң да тентектигин калып, токтоло элек экенсиң да” деп, жолун улап, кирип кетти. Жанымдагы жоролорум катары менен “Дүррр…” жарылып күлүшүп, ушуну эле күтүп турушкансып, бири-биринин алаканын чаап калышты. Намысым ойгонуп кетип, аларга “Мен ушул кызга үйлөнөм” дедим. Ошондо жакын досум Дастан, “Ал деген министрдин кызы, бир балээге кабылып калып жүрбө” деп калды. “Министр эмне, пенде эмес бекен?” деп кесе сүйлөдүм да, окуу жайга кирип кеттим.

Ошентип, арадан көп күн өтпөй, Айсалкынды достор менен ала качтым. Жарыгым десе, жол катар ыйлап, мени жек көрүп бара жатты. Бир чети анын менин жубайым болооруна кубансам, бир чети өзүнүн жана ата-эне, бир туугандарынын уруксаатысыз алып кетип бара жатканыма жаным кейип, жүрөгүм сыздап турду. Нарындын ак кар жайылган узак жолдорун темир тулпар менен басып, шамалдай шуулдап бара жаттык. Катар ээрчиген ар бир машинеде досторум жол бою шараптан ууртап-татып майрамдап, күүлөнүп алышкан. Мына, жаштардын шаңы менен айылга да кирип келдик. Үйгө зуулдап кире бергенде, мен машинеден ыргып түшүп, туугандар менен амандашымыш болуп, Айсалкынды жеңелеримдин колуна салып бердим. Жеңелерим аны алып түшөөрүндө, бир жеңемди тепти эле, жеңем жерге оңкосунан түштү. Уялганымданбы, айтор, мыйыгыман бир жылмайып, андан жүзүмдү тетир бура карадым. Оюнан кайтпаган жеңелер болбой жатып, аны үйгө алып кирип кетишти. Аны андан кийин эмне кылышты билбейм, кыскасы, бир жарым сааттан кийин гана “Эми араң тынчтанып олтурду” деп, апам айтып калды. Арадан бир аз убакыт өткөн соң. “Куугун келе жатат” деп калышты. Мен ошол маалда, Айсалкынга бардым. Кирсем ал ыйлап отурган экен, “Кечир, мен сени сүйөм… Сенин, ата-эне, бир туугандарыңдын уруксаатысыз ала качканым үчүн кечир… Жубайым болчу?!!” дедим. Ал үн катпады. Экөөбүз үн-сөзсүз көшөгөнүн ичинде көпкө олтурдук. Бир кезде апам келип, “Ай, жеңесинин жанына карындаштарың отурсун, эшикке чык!” деп калды. Макул болуп, сыртка чыгып бара жатканымда куугунчулар да жете келишти. Бирок, Айсалкын “Мени ала качкан жок, мен өзүм макул болуп, келдим… Менин бактыман ажыратпагыла” деп, байке-жеңелерин жайгарып койду.
Ошентип, арадан айлар өтүп, жылдар жылып жатты. Бирок, арадан төрт жыл өтсө да, наристе жытын искей албадык. Үйдө жалгыз уул болгондуктанбы, ата-энем “Небере жытын жыттап, качан ойнотуп, аны качан багабыз?!!” деп, кейип-кепчип да калышты. Жумушка барсаң жумуштан, көчөгө чыксаң көчөдөн болобу, айтор, кайда барба баардык жерден “Балалуу болдуңбу?” деген сөздөр жадатты.

Баары сени жакшы көрүшөт, бирок, эч кимиси алардан жакшыраак болушуңду каалашпайт экен. Ооба, мени ошол эле жолдошторум орто жолдон азгырып, башка жолго салды десем болот. Алар мени шылдың сөздөрү менен “Биз да аялыңа жардам берелиби? Балким, бизден болуп калаар, сенин уругуң жок калган окшойт да…” деген өңдүү сөздөрдү дарегиме жаадырып башташты. Ачууга алдырып койдумбу, айтор, ичкиликке берилип, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеттим. Үйгө адатымча мас абалымда кайтып, колуктумду ур-тепкиге алмай адатка айланды. Ата-энем арачага түшүп калчу болду. Бир күнү дагы мас болуп, үйгө кеч келдим. Айсалкын адаттагыдай мени күтүп олтуруптур. Ысык тамак-ашын, чайын алып келип, дасторкон үстүн жайнатты. Бир кезде шайтан азгырып, дасторконду тартып жибердим. Болгон тамак-аштын баары жерге төгүлүп түштү. «Мен сени албаганымда мындай болбойт эле. Тойдум мен мындай жашоого. Биздин үйдү мазарга айланттың го. Сени менен жашаганыма төрт жарым жыл болду. Жумуштан чарчап келгенде, черимди жазып, “Атакелеп” бир бала алдыман тосуп чыкпайт. Айтчы, ушул жашоо сага керемет, сага бейишпи?! – дей бергенимде жарыгым буркурап ыйлап жиберди. «Эмне ыйлайсың, көзүң аккыр», — деп аны жемелеп, сабап жатып калдым. Бир кезде, ичин мыкчып, бакырып жатып калды. Этегинен кан кетип жатты. Коркконумдан аны машинеге салып, ооруканага алып жөнөдүм. Айсалкынды доктурлар ичкери алып кирип кетишти. Бир аздан соң доктур чыгып, ийинимден таптап, “Жубайыңызды да, уулуңузду да сактап кала албадык. Сабыр кылыңыз!” деп, кабинетине кирип кетти.

Ошондогу абалымды сөз менен айтып жеткире албайм. Жаным сыздап, жан дүйнөм жабыркап, жүрөгүм канап турду. Эми мени бул күнөөм үчүн Жаратканым, ата-энем, жубайым жана бул жарыкты көрбөй кеткен уулум кечиреби?…
Мындан ары кантип жашап, кантип күн көрөм? Эмне кылам?

Сагын, Нарын шаары

Булак: «gezit.kg»