
Аялым апама кол көтөрсө дагы, мен аны катуу сүйөм…
02-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы. Азыр аябай жаман абалдамын. Эмне кылаарымды билбей жатам. Аялым болсо апам менен эч батышпай жатышат үйдө. Апам болсо аялыма жаман мамиле кылат. Тамак жасаса дагы жакпайт, үйдү жыйнаса дагы тийише берет.
Анан бир күнү жумуштан үйгө кечирээк келсем аялым апама кол көтөрүптүр, бирок аялымды дагы түшүнөм күндө бир нерсе кылса, апама жакпаса ошондой жарылып кетет да. Апам болсо азыр аялың менен ажыраш, же мени тандайсың,же аны деп туруп алды. Эмне кылаарымды билбей жатам. Күнөө экөөсүндө, бирок аялымды катуу сүйөм, ал жок жашай албайм. Ойлонуп жатам квартирага чыгып кетсекпи деп. Кеңеш бериңизчи ?