Атырына азгырылып, балдарыма, аялыма уят болдум

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар! Мен да эл катары ички сырымды сиздер менен бөлүшөйүн деп сиздерге кат жазууга туура келди. Дүйнөдө жаңылбаган адам болбойт да, жаңылгандардын катарын мен да жагымсыз иш кылып толуктадым. Өзүм Сузактан болом. Эл катары үйүм, жубайым, балдарым, машинам бар. Көргүлүктү көрөөрдө эч нерсе көзгө урунбай калат окшойт. Ошко картошка, Бишкекке эл ташып иштеп, чөнтөгүмдө акча көбөйүп, кичине болсо да курсак байлап кутура түштүм. Келинчегим үч балам менен үйдө, тиричилик менен алек. Ошол күндөрү Айгүл аттуу келинге туш болдум. Көз тумандап, анын өзүнө эмес, себинген атырына мас болуп, сүйүп калдым. Жытын жыттасам баардыгы унутулат…канча жыттасам тойбойм. Көз көрүнөө үй бүлөмдөн алыстап бараттым. Келинчегим сүйлөсө жакпайт, ооз ача электе беттен алып, аны жалтак кылып бүтүрдүм. Бир күнү жумуш бүтүп, Айгүл менен Жалал-Абаддан кафеден жолугуштум. Баягы мен жакшы көргөн атырын себинип келген экен, эч кимди көзүмө илбей, Айгүлдү кучактап, моокумум канбай жыттай баштадым.

Теше тиктеп бирөө тургандай болуп, башымды шарт көтөрүп карасам 3 балам келинчегим менен мени карап турушат. Уялганымдан жер астын-үстүн болгондой болду. Уят өлүмдөн катуу дегенди ошондо жон терим менен сездим. Эч нерсе болбогон сыяктуу баарын машинага салып, Жалал-Абаддан Сузакка жол тарттым. Көрсө келинчегимди дос баламдын аялы чакырып, мени аңдышкан экен. Ошентип Айгүл да калды.Сузакка кантип келгенимди билбейм Эми балдарымды көрбөйм го, келинчегим кетет го деп ойлодум. Бирок, андай болбоду, келинчегим ооз ачып сүйлөбөдү. Болгону улуу балам «Ата бул кылганыңыз туура эмес. Сизди кечирбейм» деди. Кийин ойлосом, акылым жок экен, Айгүл себинген атырды келинчегиме алып берип, тынч жашай бербейминби десең… Эмнеси болсо да аялдардын туруктуу, эрки күчтүү экенине таазим этким келет. Жууса кеткис күнөөмдү кечирип, үйүмдү үй, жайымды жай кылып олтурат. Ушул кат аркылуу балдарымдан, аялымдан кечирим сурайм.

Аргумент.kg