Атыр Абдрахматова жөн жерден Канат Жумагазиевге ашык болбосо керек…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Ысык-Көл ОИИБнин жетекчиси Жумугазиев Канат Сагыновичке терең ыраазычылык! Ачык, жеткиликтүү, жөнөкөй болгонуна, ыкчам, адискөй реакция кылып, чогуу иштешип, кызматташканына. Көз тийбесин…» деп акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасынан алкоо сөздөрүн жазыптыр.

Чындыгында эле Канат Жумагазиев кыраакы, көп ашууларды басып өткөн, дасыккан кадр.

Ал 30 жашынан жетекчилик кызматтарды аркалаган. Бир канча РИИБлерге начальник, Чүй, Бишкектин башкы милициясы, республикалык жол кайгуул кызматын жана ИИМдин 10-башкармалыгын жетектеген. Учурда Ысык-Көл ОИИБни татыктуу түрдө тескеп, облустун жүгүн көтөрүп жаткан чагы.

Каарман полковникке карата коралбастар дайыма бут тосууга, жалган маалымат менен жогору жакты адаштырууга далалат кылып келатышат. А чындыгында, Канат мырза кесибин сүйгөн, чынчыл, элге ак кызматын аябаган профессионал адис. Коомдук коопсуздук кырдаалды алдын алуу менен көптөгөн профилактикалык иштерди ырааттуу жүргүзүп, кылмыштуулуктун кендирин кесүүгө маш.

Ошол эле кезде чарбалык жумуштардыда бирдей алып келет. Кайсы жерде иштебесин, жаңычылдыкка, изденүүгө батыл киришип, алпурушканын байкайбыз.

Идеяга бай, заманбап технологияга, санарипке басым жасайт. Айтор, айта берсек артыкчылыктары арбын. Жөн жерден Атыр Абдрахматова ашык болуп жатпаса керек да-а…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg