Атыр Абдрахматова “бийликтин башын аттаганы” үчүн кызматтан алынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Өз башыңа муш…” дегендей иш болду. Атыр Абдрахматова акыйкатчылык орунга бийликтин колдоосу менен өткөн. Садыр Жапаров көмүскөдөн ишарат келтирсе, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары добуш беришкени ырас. Анан эмне болду? Ал кызматка келгени бир топ кызматкерлерин жумуштан кетирип, ордуларына кадрларды убагында дайындабай, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илиптир. Бир жагынан бийликке саясый оппоненттери – бейөкмөтчүлөрдү колдоп, оппозициялык маанайга өтүп алганын кантебиз? Акыйкатчы эки тарапка калыс, тең салмактуу саясатын жүргүзүү керек да. Ошентип, негизинен төркүн тарабы көлдүктөр колдоп кызматка жеткирсе, кайра эле алардын “шилтөөсү” менен ыргып кетти го? Убагында жердешчиликке ыктап, кызмат кылып берүү саясаты менен келсе, көпкө узабай айткан сөзүнөн кайтканы, колдогондорго каш кайтарганы үчүн жеңил жазасын алды. Саясаттын сан күлүк ой-кырларын биле жүрүү керек да…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg