Кара-Балта шаарында микроавтобус ат үстүндө бараткан улакчыны коюп кетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабырланган жигит Жайыл райондук ооруканага кечээ, 9-январда, саат 18:40та түшкөн.
«Жасалган реанимациялык аракеттерге карабастан бейтап саат 19:20да каза болду. Жаракаттар өтө эле оор болчу», — деп айтылат маалыматта. Окуяга күбө болгондордун айтымында, оюнчунун аты кырсык болгон жерде өлүп калган.