Атазов: Таяке-жээн, бөлөлөр иш орундарын ээлеп алышкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушул жылы кадр маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат кадр маселесин кайра карап чыгуу сунушу менен президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

«Оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегендей, буга тиешелүү көңүл бурбасак, кесепети жаман болот. Жеке эле Майлуу-Сууда эмес, бардык шаарларда кадр маселесин караңыздар. Тиешелүү жетекчилер ушул суук боюнча келип, маалымат беришсин. Себеби таяке-жээн, бөлөлөр менен иш орундарын ээлеп алышкан. Качан гана труба жарылып, эл митингге чыкканда гана көңүл бөлүнөт. Бул эмне деген кайдыгерлик? Бир жылдан бери кадар маселесинде тазалануу болбой жатат. Алдыңкы 4-5 адам кызматтан алынды, калганы ошол боюнча отурат. Мунун запкысын эл көрүп жатат», — деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү Экология министрлигинде кесипкөй адистердин бардыгын иштен алып салышканын мисал кылды.

 

Аргумент.kg