Атазов БШКдан Муртазалиевдин добуш сатып алуу фактысын кароосун талап кылууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кайра шайлоодо утулуп калган талапкер Шайлообек Атазов Абдурахманхаджы Муртазалиевдин агитаторлорунун шайлоочуларды сатып алуу фактылары боюнча тергөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы. Бул тууралуу анын жардамчысы  Азамат Жапаров билдирди.

«Эмне үчүн укук коргоо органдары пара алуу фактылары аныкталгандан кийин эки күндүн ичинде факты боюнча корутундуну Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында жөнөткөн эмес? Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттануу арыздарында камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер үч күндөн кечиктирбестен кабыл алынат. Арыз боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү прокуратура, ички иштер органдары тарабынан тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жиберилет. Абдурахманхаджи Муртазалиевдин шайлоочуларды сатып алуу фактылары боюнча көптөгөн фактыларды эске алып, биз Ички иштер министрлигине кылмыш ишин иликтөөнү тездетүү жана Бишкек ШИИБге тез арада жыйынтык чыгарууну тапшыруу өтүнүчү менен кайрылдык», — деп айтылат маалыматта.

Аргумент.kg