Атазов Айсулуу Мамашева менен болгон конфликт боюнча үн катты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарыШайлообек Атазов менен Айсулуу Мамашеванын ортосунда жаралган пикир келишпестик тууралуу Атазов өзүнүн фейсбук баракчасына төмөнкүчө билдирүү жазды.

«Урматтуу достор!
Мен энелерди, эже карындаштарды ар дайым сыйлайм!
Кечээ куну Жогорку Кенеште «Ата Мекен» фракциясынын лидерин алмаштыруудагы пикир келишпестиктен парламентте кайым айтышуу болгон.
Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Мамашова Айсулуу Турусбековна «Ата Мекен» партиясынын эн билимдуу депутаты, тарбиялуу уй-булодон, чыгаан саясатчы, жакшы атанын кызы деп урматтап сыйлайм!

Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Азыр да чон сый урматтамын! Кече куну парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болуп кеткен. Ошол учурда болуштуруу максатта мага келип колун булгап суйлоп жаткан учуру видеого тушуптур. Биз партиялаштар бир нече минуттан кийин баарыбыз чогулуп стол устундо чечишип, кечиришип алганбыз. Иш болгон жерде, талаш-тартыш да болот экен.

Урматтуу ФБ баракчамдагы достор!
Мен мамлекеттин туусун которгон жигит катары ар дайым энелерди, эже-карындаштарды сыйлап келем! Мындан ары да сыйлай бермекчимин! Керек болсо олкобузго коркунуч болсо жалпы элимди, аял затын коргоо даярмын! Мени тушунуп, колдоп буга чейин ЖК айтып чыккан маселелеримди болушуп, жылуу пикир калтырып жатканыныздар учун сиздерге чон рахмат жана таазим кылам!

Урматтуу кээ бир бейокмот уюмдардын окулдору! Ушул жерде да жумурткадан кыр издеп, мени каралоо менен алектенип жатасыздар. Сиздерге да кудайдан ыйман, бакыт тилейм! Ар дайым силер каалагандай болуп журуш учун, баарынарга жагыш учун мен доллар эмесмин $$$ !
Адам болгон сон кемчиликтер бар. Эн негизгиси, эки кызыл дипломдуу болуп алып, билидуу ууру болуудан, мамлекетти тоногон чиновник, депутат болгондон кудай сактасын! Мен оз олкомду суйгон, патриот инсан катары чындык учун ар дайым курошом!»
— дейт ал өз сөзундө

Аргумент.kg