Атасы 5 жаштагы баласын намазды туура эмес окугандыгы үчүн токмоктоп өлтүргөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Казакстанда туура эмес намаз окугандыгы үчүн 5 жаштагы баланы өгөй атасы токмоктоп, өлтүрүп койгон. Бул тууралуу NUR.KZ жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя Казакстандын Шымкент шаарында болгон. Атырау облусунун тургуну, Шымкентте медреседе окуган 22 жаштагы жигит 5 жаштагы өгөй баласына намаз окууну талап кылган. Бала кичинекей болгондуктан, жакшы түшүнгөн эмес. Ошол күнү намазды туура эмес окугандыгы үчүн наристени токмоктоп, бир канча жолу муштаган. Бала эсин жоготуп, ооруканага жеткирилгенде каза болгон. Медиктердин айтымында, баланын боору айрылып кеткен. Ошондон улам наристенин өмүрүн сактап калуу мумкун болгон эмес.

Учурда 22 жаштагы шектүү камакка алынды.

Аргумент.kg