Атамдын «кызым коркпо, сен жасайсың» деген сөзү мага 23 мамлекетти көргөздү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2011-жыл. Жаңы окууну бүтүп ЖРТ тапшырып келдик. Атам жанымда, ар дайымкыдай. ЖРТ жыйынтыктары чыгып ЖАГУга өттүм, бюджет. Үйдөгүлөр сүйүнүп, «жакын болду, барып келип окуйт» дешти. Бирок мен борборго окум келчү. Медицинага окуйм деп жатсам, «кыз балага чет тил жакшы» деп конбой коюшту. Атам телевизор көрүп жаткан, жанына чакырды. Реклама учурунда бюджетке КТМУ окуу жайы бар деп жазылып чыкты. Маани бербептирмин. Эртеси жумуш кылып жүрсөм, апам келип «сени атаң шаарга бат келсин» деди дейт. Түшүнбөй эле жөнөдүм, атам тосуп алды. — Каттоо жасайбыз, өтсөң борборго кетесиң. — Өтпөйм го, ата… Таң калып карадым. — Эмнеге? Өтөсүң, өзүңө ишенегой «доченька». Экзамен күн. Ош. Атам жанымда. «Коркпо балам» деп пирожки, кофе көтөрүп келиптир. Бир жумадан соң жыйынтык чыкты. Атам кубанды, апам менен чоң атам каршы чыкты. Бишкекте эмне бар экенин айтышты. Атамдын сөзү дагы эле кулагымда: Бут тоспогула окуйт! Кыз-эркек айырмасы эмне экен! Кудайга шүгүр окуу жайын бүттүм. Азыр 5 тил билем, 23 мамлекетти көрдүм. 2014-жылы АКШга бармак болуп, үйгө акча сурап чалсам, атам эки саатта чоң сумма таап салып жиберди. «Балам коркпо, сен жасайсың» дейт. Ата рахмат сизге. Мен сизди жакшы көрөм. Көп жашап, апама, бир туугандарыма жөлөк болушуңузду каалайм. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg