Атамбаевге резиденцияга үй салганга 7 миллион сом берген Шаки Абдыкеримов, өзүнүн кызматкеринин 85 миң долларын алдап кеттиби?
01-чын куран, 2019-ж // //Шаки Абдыкеримов өзбек кримтөбөлү Салимбай “Байбатчага” кыргыз чапан жаап.
Кечээ, 29-мартта “Жаңы ордо” гезити Алмаз Атамбаевдин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына 1,2 млн доллар акчага мыйзамсыз курган үч кабаттуу хан сарайына “Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү, арак магнаты, “Аю холлдингдин” ээси Шаки Абдыкеримов жардам иретинде 7 млн сом акча бергенин жазып чыкты.
8-март күнү ошол эле “Жаңы ордо” гезитине интервью берген саясый туткун Кубанычбек Кадыров:
“2010-жылы революциядан кийин мен КР Ички иштер министринин орун басары болуп, Коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармалыкты көзөмөлдөп турдум.
2009-жылы, Бакиевдин учурунда “Агропродкорпорацияны” Шаки Абдыкеримов жетектеп турган учурунда Материалдык резервдер фондунан 17,5 миң тонна буудайды алышып, аны унга айлантып, элге арзан сатабыз деп алдап, чындыгында ал буудайды Кара-Балтадагы спирт заводуна тапшырып, арак чыгарышып, аракты өздөрүнө алып коюшкан. Натыйжада мамлекетке 180 млн сом (4,5 млн АКШ доллары) зыян келтиришкен. Бул иштин бетин ачканыбызда мага 500 миң доллар акчаны пара катары сунушташкан. Мен баш тарткандан кийин “караларга” жана Алмаз Атамбаевге кайрылышып, мени жумуштан кетирип тынышты”, – деп билдирди Кубанычбек Кадыров. Кыргыз басылмалары анда андай суммадагы акча Алмаз Атамбаевге кеткенин жазып чыгышкан.
2011-жылы ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Шаки Абдыкеримов президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевге демөөрчү катары 1 млн доллар акча кошконун кыргыз ММКлары билдиришкен.
2019-жылдын 19-мартында Шаки Абдыкеримовдун кол алдында иштеген кызматкери Талант Бокешов КР Президентинин атына арыз жазып, анда “2011-2014-жылдары Шаршенбек Абдыкеримовго караштуу “Аюу Холддингдин” курамындагы “BULLS.KG” фермердик дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп иштедим. 3000 баш ири мүйүздүү мал багып, чарбаны өлкөдөгү эң кирешелүү ишканага айланттым. Бирок, 2014-жылы Шаршенбек Абдыкеримов мени алдоо жолу менен 85 миң доллардык джип унаамды өзүнүн карызына төлөтүп жиберип, алигиче карызын мага төлөп бербей келатат. Аны алдамчылык (мошенничество) беренеси боюнча айыптап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна, прокуратурасына арыз менен кайрылып, соттошуп, адилеттүүлүккө жетпей келатам…” деп арыз жазды.
Ошондо Атамбаевге жагалданып, миллиондорду чачкан арак магнаты Шаки Абдыкеримов өзүнүн кызматкери Талант Бокешовдун 85 миң долларын алдап кеттиби?
Кантсе да арак магнаты Шаки Абдыкеримовдун үстүнөн кара булут каптап келаткандай – анын көптөгөн сырларын жакшы билген мурунку эски досу Канат Исаев “Шакинин түбүнө жетем!” деп кекенип жүргөнүн уктук. Анткени Шаки Абдыкеримов “Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү, демөөрчүсу болгону менен партиянын лидери Канат Исаев эсептелет. Мунун натыйжасында экөөсү партияны талашып, бири-бирине тиш кайрап кекенип келатышкандыгы белгилүү. 2017-жылы Канат Исаев Атамбаевдин амири менен абакка түшүп калганда Шаки ага жардам бермек тургай, кайра табалап күлүп жүргөнүн Канат Исаевге жеткиршкен.
Булак: Kyrgyztoday.kg