Атамбаевге чет өлкөдө даарыланууга уруксат берилди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Темир тор артындагы Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилди. Тиешелүү токтомго Биринчи май райондук сотунун төрагасы А.Калыбаев кол койду.

Буга чейин Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылганы маалымдалып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилгени белгилүү болгон.

Белгилесек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берген деген айып менен 11 жылга эркинен ажыратылган.

Аргумент.kg