Атамбаевдин жан жакчысынын жашыруун байлыктары табылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Журналисттер Ысык-Көлдүн жээгинен жашыруун сарайды табышты. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан жакчысы Эркин Мамбеталиевге таандык деген божомолдор бар. Бул тууралуу маалыматты Factcheck.kg басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Маалыматтын негизинде эки кабаттуу особняк Өрнөк айылында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан. Бирок документтештирилген үй жок. Сарайдын ээси дагы белгисиз. Мүлк Эркин Мамбеталиевге таандык. Бул тууралуу маалымат каражаттары 2015-жылы эле жазып чыгышкан .

Буга чейин Эркин Мамбеталиев Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү деп аталып, адам өлтүрүү боюнча соттолуп, кайра акталып чыккан.

«Ал Камчы Көлбаев (кримтөбөл), Ахматбек Келдибеков (парламенттин экс-спикери), Байтемир Ибраев (экс-башкы прокурор) сыяктуу адамдарды чогулта алат», — деп жазат гезит.

Factcheck.kg сайтынын редакторлору бул сарай чындыгында Эркин Мамбеталиевге таандык экендигин аныкташты. Алгач иликтөөнүн башталышында, журналисттер интернеттен үйдүн сүрөтүн табышкан.

Андан кийин » Биз Google картасынан ушундай эле үйдү таап, анын кадастрдык номерин билип, мүлк кимге катталгандыгын текшердик.

Документтерге ылайык, ал жерде эч кандай имарат жок, ал жер өзү айыл чарба багытында болгон. Ал жеке адамга таандык эмес же ижарага алган эмес. Дыйканчылык жери мамлекеттин карамагында да эмес, ал жөнүндө түздөн-түз жазылган документтерде эч кандай жазуулар жок»,- деп билидришти кабарчылар.

Маалымат булагы: Factcheck.kg

Аргумент.kg