Атамбаевдин кудасы Алымбайдын баласы Улан Султанов ИИМди “иритүүдө”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Журналист менен төкмө акындын чөнтөгүнө баңгизатын сала койдуруп, камакка алууну ушул МЕНТ уюштурганын айтышууда. “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Улан Султанов ИИМ алдындагы ГУБНОНдун жетекчиси. Былык иштери үчүн өздүк курамдын ичи чыкпай атыптыр. Тийешелүү милдетин аткара албай, “эптеп күн өтсө болду” дегендей жүргөнү өкүндүрөт. Баңгизатка каршы күрөшүүдө көзгө басар ийгилиги деле жок. “Солго иштеп” коюп, сактанып отурабы? Улан Султановдун өнөрү эле ушул жогорку жетекчиликке кантип жагуунун миң түрлүү амалдары менен күн батырып, эптеп кызматта илинип турса… Ишинин жыйынтыгы жок. Тескерисинче, уят кылууда. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальниги кезинде атасы Алымбай Султановдун аркасы, кудасы Алмазбек Атамбаевдин түз колдоосу менен сакталып отурчу. Кол астындагы кызматкерлери коррупцияга, паракорчулукка шектелип эле кармалып жатчу. Жасалма кылмыштуулук менен отчёт беришкени да сынга кабылбады беле? Айтор, былыгы арбын эле. Эми ГУБНОНдо жашынып отуруп алып, натыйжалуу ишин көрсөтө албай, бүлүк салып, бүтүндөй системаны артка тартканы айтылууда. Качанкыга чейин байып, тайраңдай берет?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg