Атамбаевдин экс-президент макамын алууга укугу барбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаевдин экс-президенттендерди кол тийбестиктен, артыкчылыктардан ажыратууну караган мыйзам долбоору учурда талкууда. Бул маселенин көтөрүлүп жатышы учурда соттолуп жаткан мурдагы президент А. Атамбаевдин жакындарынын тилдерине жан киргизди. Жогорку Кеңештеги депутат уулу Сеид Атамбаев атасына «экс» макамы берилүүсү зарылдыгын айтып, атүгүл кесиптештерин бул боюнча депутаттык комиссия түзүүгө чакырды. Албетте, мурдагы президенттин уулу тарабынан мындай маселенин көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү. Уулу болгон соң атасы үчүн күйөт. Бирок ошол эле мезгилде Алмазбек Атамбаевдин «экс» макамын алып, артыкчылыктардан пайдаланууга саясий, моралдык укугу барбы? Атамбаевдин өлкөдөгү коррупцияны өнүктүрүп, мамлекетти жүз миллиондогон долларлык карызга батырып, Бишкек ЖЭБи боюнча кылымдык афераны ишке ашырып, тарых музейи, альтернативдик жол сыяктуу ири долбоорлордон миллиондорду кымырып, Дача-Судагы кырсыкка себепкер болуп, баш кесер Батукаевди ардактап узатып, Кой-Таш окуясында элге, мамлекетке каршы ок чыгарып, кыргыз элин мазактап, шылдындаган кылмыштуу иш-аракеттерин каякка катабыз? Кылмыштары үчүн абакта олтурчу адамга «экс» макамын, аны менен кошо артыкчылыктарды берүү жөнүндө дегеле сөз кылууга болобу? Албетте, жок. Алмазбек Атамбаевдин кылмышы мамлекет, кыргыз элинин алдында өтө оор. Цивилдүү, мыйзамдар иштеген, моралдык-нравалык баалуулуктар өкүм сүргөн өлкөлөрдө Атамбаевдей адамдын орду түрмөдө гана болот. Булак: Саясат.кж

Аргумент.kg