Айтылуу жамакчы Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев жашыруун сүйлөшүүлөргө барышып, Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн чыгарууга, жаңы заманга кадам таштоого батынышкандай. Көшөгө артынан кыйла бүйүр кызыткан пландарды түзүшүп, шерденип атышканын эшиттик. Атамбаевдин аброюн, каржылык ресурстарын пайдалануу менен эмне балээнин үстүнөн чыкканы калышты? Туруктуулукту бузууга салым кошушабы? Кызык суроо бекен? Бул боюнча жакында дагы кабарлайбыз…
«Азия Ньюс» гезити