Атамбаев: Жапаровго мөөнөтү бүткөнчө иштөөгө мүмкүндүк берүү керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаровго өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 13 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, президент тарабынан жасалып жаткан жакшы иштер аз эмес.

«Мен президенттин айланасындагы айрым адамдар Бакиевдердин режимин актаганга, ошол заманга кайтууну каалап турганын көрдүм жана Садыр Жапаров ошондо аларды колдобогонуна ыраазымын. Президент баарын өзү түшүнүп, өзү чечет деп ойлойм. Кыргызстанда ансыз деле көйгөйлөр абдан көп. Ар кандай көз караштар жана пикирлер бар. Бийликтин каталары жана кемчиликтери да бар. Бирок президент тарабынан жасалып жаткан жакшы иштер да аз эмес. Бул талашсыз. Ошондуктан президентке өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептейм. Бирок, бир кеңеш берет элем өлкө башчыбызга: булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат деп, же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө адамдарга — саясатчы, ишкер, журналист жада калса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргүлдөр президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат. Оппозиция — бул ар бир демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экендигин унутпашыбыз керек. Президент менин каталарымды кайталабаш керек. Бул анын жана өлкөнүн аброюна көлөкө гана түшүрөт», — дейт ал.

 

Аргумент.kg