Атамбаев сот залынан чыгарылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баш калаадагы Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июнда Кой-Таш баш аламандык окуясы боюнча териштирүү иштерин улантып жатат. Анда жактоочу Сергей Слесарев Атамбаев сот залынан чыгарылганын билдирди.
Мындай кадамга ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Алмазбек Атамбаевди соттук териштирүүлөр аяктагыча сотко катыштырбоо тууралуу чечими себеп болгон.
Отурумда Атамбаев башка айыпталуучулар менен чогуу тор артында отурууну каалаган эмес. Сергей Слесарев Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча эмес, башка ишке айыпталып кармалгандыктан, тор артында отурбашы керек деп билдирди.
11-майдагы жараянда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Ага чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу.​
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында оор кылмыштар үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.
Ал арада бүгүн, 1-июнда Жогорку Соттун алдына Атамбаевдин тарапташтары ошол эле учурда аны тийишттүү жазага алышын талап кылгандар митинг өткөрүп жатат. Чогулгандарды укук коргоо органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алышууда.

Аргумент.kg