Мурдагы президент, учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаев бийликке кайрылды.
«Баарыңар билип алгыла! Мени кандай кордосоңор да баары бир сындыра албайсыңар!
Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. «Высосаны из пальца», орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык!», — деген Атамбаев.