Атамбаев куруп кеткен армияны министр Бекболотов кыйрата баштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коргоо министрлигин Бактыбек Бекболотов жетектегени кедеринен кетти. Маал-маалы менен аскерлердин атылып өлүшү, кордолушу, сабалышы, айтор, жакшы жаңылыкты күтпөй калдык. Ошол эле кезде коргоо министрлигинин кызматкерлери баңгизаттар, пара менен кармалышы, ар кандай тескери иштерге кабылышканы жашыруун болбой калды. Эки жылга жакын убакыттан бери министр Бекболотов кандай реформа кылганы белгисиз, сүйөп-таямайдын аркасынан эле илинип келатат го? Тилекке каршы, аскерлердин өлүмдөрү, ый, муң менен элдин зээни кейиди. Бизде профессионал кадрлар бар, алар эмнеге көзгө көрүнбөйт да, иштей албаган министр кабинетинде тишин чукуп отурат? Кыскасы, Атамбаев куруп кеткен армияны чекесинен талкалап, бетке чиркөө болуп, душманга колтук ачкандай.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg