Атамбаев курдурган мечит камакка алынган жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынган жок. Аны курууга кеткен каражат каяктан алынганы иликтенип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган мечит камакка алынганы кабарланган болчу.
Башкы көзөмөл орган Атамбаевдин коррупциялык иштери боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 7-кичирайондогу мечитти мурдагы президент курдурганы аныкталганын эске салды.

«Бир гектар жер тилкеси «Форум илимий-өндүрүштүк фирма» ЖЧКсына катталган. Бул Атамбаевге таандык. Бирок мечит камакка алынып, иштөөсүнө чектөө киргизилген жок», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта тергөөдө тек гана мечитти курууга кеткен каражат кайдан алынганы иликтенип жатканын кошумчалашты.
Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20сы кайра чыгарылган. Камактагылардын ичинде «Форум илимий-өндүрүштүк фирма» ААКсы дагы бар болчу.

Булак: Спутник.кж

Аргумент.kg