Атам дайыма апамды урушуп, өзү болсо кайдагы болбогон аялдарга кызыгат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Атам 36 жашта. Ал эч убакта апама жылуу сөзүн айтып, эркелетип, сылык мамиле жасаган эмес. Сөгөт, адам катарына кошпойт, бирок апам абдан сулуу. А атам болсо кайдагы эле болбогон аялдарга кызыгат. Бул нерсе менин жүрөгүмдү өйүп, апама абдан боорум ачыйт. Аны алып, алыс жакка кетким келет. Ал бизге билдирбей ыйлап алат. Күндө кайталанган эле уруш-согуш күндөр. Жашым 15ке келсе да, апамдын күнүмкү көз жашын көрүп, тажадым. “Атасын жамандайт” дечүлөр да болушу мүмкүн. Бирок, ишенсеңиздер, ушунчалык атамдын урушунан тажап, аны көргүм келбей калды.

Урматтуу ата-энелер, ата-эненин урушу, атанын энеге болгон жаман мамилеси, эненин көз жашы – мунун баары баланын оюна кандай гана терс таасирин тийгизет! Башкалардын атасынын апасына кылган мамилесин көрүп, “эмнеге менин атам мындай эмес?” деп ыйлайм. Менин бул жазганым биздин жашообуздун үзүмүн окуп калган айрым аталарга балким сабак болсо…

Айзирек 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg