Атам биз чоңоюп кеткенден кийин апам экөө эмне кыларын айтып оозубузду ачты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Свет өчүп калды. Телефондорубузда дагы заряд жок. Демейде, ар бирөөбүз ар башка бөлмөдө телефон чукулап жатчу элек. Минтип дарбыз жегенди шылтоолоп баарыбыз бир жерге чогулуп калдык. Баарыбыз дегенде байкем, мен, сиңдим анан атам менен апам. Атам менен апам көп иштейт. Экөө сонун адам. Бирок, биздин мектепти, курстарыбызды, кийимдерибизди камсыздоо үчүн көп жумуш кылышат. Экөө үйдө болуп калганда кадимкидей сүйүнөбүз. Атам дарыгер. Апам сатуучу. Сөздөн-сөз чыгып отуруп, байкемдин үйлөнүү тою жөнүндө сөз болуп кетти. Ошондо мен атама мындай дедим. — Ата, байкем үйлөнүп балалуу болсо, небере карап отурасызбы? — Жок ай кызым, өз баласын өзү багат. — Менин досторумдун чоң аталары неберсин карап отурушат экен. — А мен антпейм.

Ушул жерден байкем кошула калды. Эмнеге небересинен качып жатканын айтты.

— Балам, өз балаңарды өзүңөр багасыңар. — Ата, карыганда сизди биз багууга милдеттүүбүз да, туурабы? — Жок балам, милдетүү эмессиңер. Кааласаңар жардам бергиле, болбосо жок. Апаң экөөбүз силерди бизди баксын деп чоңойтуп жаткан жокпуз. Ар бирөөңөрдүн өз жашооңор болот. Биз кийлигишпейбиз. Биздин милдет силерге татыктуу билим, тарбяи берүү, колдоо, калганын өзүңө алып кетесиңер. Силер эч кимге милдетүү эмессиңер. Баарыбыз унчукпай отуруп калдык. Анан мен сурадым. — Ошондо биз бой жеткенде үйдөн кетет экенбиз да. — Ооба кызым, жүрө бермек белеңер, эл көрүп, жер көрүп ар жакка кетесиңер. — Апам эмне кыласыз? — Кайрадан таанышабыз. Силерди багабыз деп бири-бирибизге убакыт бөлоэлекпиз. Бой жетип алсаңар биз кайра кыз-жигит болобуз. Сейилдеп бак аралап басабыз. Мен апаңарга гүл берем. Анан кино көргөнү барабыз. Балдар эмне болду, курсагы токпу, ден соолугу жакшыбы деп ойлонбойбуз. Жаңыдан экөөбүз жашаганга үйрөнөбүз. Билесиңерби, апаңар экөөбүз көптөн бери жалгыз боло элекпиз. Биздин сүйлөшкөнүбүз силердин келечек, ден соолук, жумуш, акча…

Бул нерселер адамды чарчатып жиберет. Жок, дегенде карыганда экөөбүз чогуу бололу.

Баарыбыз унчукпай калдык. Апамы карасам атамы жылуу көздөрү менен карап туруптур. Көздөрүндө башкача сүйүү бар эле. Экөөнө болгон көз карашым башка нукка бурулду. Мен аларды аядым. Ошол эле кезде атам менен сыймыктандым. https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg