Атам байкуш бизди багам деп талаалап иштеп жүрсө , апам ар ким менен жүрөт

Атам байкуш бизди багам деп талаалап иштеп жүрсө , апам ар ким менен жүрөт

30-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы аноним болсун. Мен 18 жаштамын 3 бир тууганбыз 3 ай мурун атам Россияга иштегени кеткен эле. Апам мурда телефонуна код койчу эмес биз алып көрө берчүбүз. Азыр телефонун катат бүт жагына код коюп алган. Жанына отура калсаң эле телефонун катат. Бирок мен көп эле байкап калам ар кайсы эркектер менен жазышып жатканын. Ал эркектер биздин эле айылдан аларды жакшы тааныйм. Анан себепсиз эле кечинде болобу күндүз болобу эптеп бир шылтоону айтып кетип калат. Кечинде кетсе таң атпай келет айылдаш байкенин машинасы менен. Кечинде бизди уктап калды дедиби айтор кечинде ошол айылдаш байке экөө кирди үйгө. Мен өзүм көргөн жокмун бирок шыбырап атканын баарын угуп турду. Ошол күнү мен билдим ошол байке апамдын ойношу экенин. Эми билбейм эмне кылышты апамдан ушунчалык жийиркенип калдым. Атамды аяйм байкуш бизди багам деп иштеп жүрсө апам ар ким менен жүрөт. Кеңеш берип койуңуздарчы.