Атам алты баласын «үй-бүлө кур» деп эмес, минтип айтып чоңойткон

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биз алты бир тууганбыз. Мен төртүнчү баласымын. Бүгүн мен силерге өз атама болгон ыраазычылыгымды айтып бергим келди. Сөзүм кыска, бирок нуска болот. Өзүм көп сүйлөгөндү жактырбаган жигитмин. Эс тартканда гана ата-энем кандай алтын киши экенин билдим. Эми кичинебизде эмнени аңдамак элек, туурабы? Бир жолу дагы көтөнүбүзгө чапкан жок, катуу сөз айткан жок. Эсимде, көчөдөн балдар мушташып кетип, бир баланы сабап салдым. Үйгө мактанып кирип келдим. Ошондо атам капа болду. — Уулум ал бала сага жооп кайтардыбы? — Жок. — Жооп кайтара ала турган абалда беле? — Жок, ата, ал менден кичинекей, мага алы жетмек эмес. — Анда уулум сен эрдик эмес зомбулук жасап келипсиң. Сага жооп кайтара албаган адамга кол көтөрүү бул зомбулук балам. Көңүлүмдү ооруттуң уулум. Эртеси сабактан келатып ал баланын үйүнө кайрылып кечирим сураганымды билем. Бирок, ал эч нерсе дебей чуркап кеткен. Эжелерим туугандарыбыздын айтуусу боюнча өтө эле кеч турмушка чыгышты. Окуп, иштеп, жер көрүп, кыскасы, жыргап жүрө беришчү. Атам менен апам эч нерсе дешчү эмес. Апам каза болуп калды. Бул үй-бүлөбүз үчүн чоң трагдеия болду. Ошондо дагы атам сынып калбай, эки карындашым алыска окууга кетмек, алардын керектүүлөрүн чогултуп, баары жакшы болорун айтып узатты. Алар экөө тең барбайбыз, атамдын жананды болобуз деп калышкан эле. «Балдарым силер бактылуу болушуңар керек, калганы маанилүү эмес», «сен бактылуусуңбу», «ошону кылсаң бактылуу болоусуңбу», атам бизди башкаларга окшоп эмес, ушинтип айтып чоңойтту. Алтообуз үчүн баарынан маанилүүсү бактылуу болуу эле. Бул нерсени башыбызга катуу сактап алганбыз. Ишенесиңерби, чынында эле жардам берди. Биринчи орунга өзүбүздүн бакытты койгонду үйрөндүк. «Сен бактылуу болушуң керек!» Атам күн сайын ушинтип айтат. Азыр дагы неберелерине ошентет. Ата, бизди бактылуу болууга, өзүбүз тандаган кесипти аркалоого, жактырган жумушубузда иштөөгө үйрөткөнүңүз үчүн чоң рахмат. Бизди чектебей колдоп, ишеним көрсөткөнүңүз үчүн чоң рахмат. Апам экөөңөр бир карысаңар сонун болмок эле, аттиң… Бир дагы жолу «качан күйөөгө тиесиң» же «качан үйлөнөсүң» дебегениңиз үчүн чоң рахмат. Мен сизди жакшы көрөм ата. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg