Атактуу ырчы Тина Тернер оорудан каза тапты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Америкалык жана швейцариялык атактуу ырчы Тина Тернер дүйнө салды. Бул туурасында социалдык тармактарга жазылды. Рок-н-роллдун жылдызы 83 жашта эле. «Терең кайгыруу менен Тина Тернердин көз жумганын билдиребиз. Авазы, музыкасы жана жашоого болуп көрбөгөндөй умтулуусу менен дүйнө жүзүндө миллиондогон күйөрманынын жүрөгүнө от жандырган, эртеңки күнгө үмүт берип жетелеген. Бүгүн бизге эбегейсиз эмгегин — музыкасын таштап кеткен кымбаттуу досубуз менен коштошобуз. Анын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Тина, сени жоктойбуз», — деп айтылган билдирүүдө. ЖМКлар ырчы көп жылга созулган оорудан соң Швейцариянын Кюснахт шаарындагы үйүндө көз жумганын жазышты. Анын 2016-жылдан бери ичеги рагы менен алпурушуп келгени айтылды. Тернер — «Грэммини» сегиз ирет алган ырчы. Музыкалык карьерасын 1960-жылы баштап, баш-аягы тогуз альбом чыгарган. Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg