Атактуу BMW Group компаниясынын эсепчиси Рахат Рэдслоб: “ кыялымды орундатуу үчүн далай уйкусуз түндөрдү өткөрдүм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бала кездеги кыялды ишке ашырууда аракет керектигин далилдеп, жаштарга дем бере турчу кыргыздын ийгилик коштогон кыздарынын бири Рахат Рэдслоб дүйнөнү дүңгүрөткөн  унаа өндүргөн BMW Group компаниясынын эмгектенет. Айылда тарбияланып, тынымсыз билим, аракеттин, өжөрлүктүн арты менен учурда BMW Group өндүрүшүнүн Мюнхенде жайгашкан  башкы штабында каржы жагын тейлеп келет. Канчалаган немис жарандар кыялданган бул өндүрүшкө кирип иштеп калган Рахаттын басып өткөн жолун берүүнү туура көрдүк.

Балалык издерим Бөкөнбаевде калды

Балалык кездеримди эстегенде көз алдыма Бөкөмбаевдеги ойногон күндөрүм  келет. Ошол кезде жайкысын эс алганы келген англис тилдүү туристерди көргөндө алардын жашоосуна суктанып, мен да Америкага же Англияга кетким келчү. Кыялымда дүйнө кыдырып жашачумун. Айылда чет тилди үйрөнүү кыйынчылык жаратып келди. Кийин 4-5 класстан баштап англис тилин өз алдымча окуп, курстарга бара баштадым. Мектеп аралык өткөн олимпиадаларда байгелүү орундарга илине баштадым. Бул менин кыялымдын аткарылышына болгон алгачкы кадамдарым болду. Кийин ата-энемдин жолун жолдон финансист болуп билимимди уладым. Бирок менин кыялым мага тынчтык бербей, издене баштадым.  Максатын Америка же Англияга кетүү болду.

Кыялдагы өзгөргөн кадамдар

Студенттер сырттан окуганга программалар Кыргызстан ичинде жок болгонго менин кыялым акырындык менен өчө баштады. Шаарда жашаган бир эжекемдин кызы Au Pair программа менен Германияга кеткен экен. Ал мага да ушул жол менен чет өлкөгө барып окуп, андан ары кыялымды орундатууга мүмкүнчүлүк болоорун айтып калды. Алгач Германияга көңүлүм чаппай турду. Бирок башка мүмкүнчүлүк жок эле. Үч ай немец тилин үйрөнүп, 2005-жылдын күз айында Германиянын  Франфурт шаарына  учуп кеттим. Ал жакта мени көп үй-бүлөлүү адамдар тосуп алды. Мен ал үйгө бала багуучу болуп барган элем. Алгач көп үй-бүлөлүү үйдө иштөө, көнүү мага кыйын болду. Далай түндөр жаздыкка көз жашымды төктүм. Бирок баарына чыдап көтөрүп иштөөгө туура келди. Артка кайрылып келгенимде ата-энем мени турмушка узатып ийиши да мүмкүн эле. Ошентип Германияда калып курстарга бара баштадым. Бүтпөй калган окуумду сырттан окудум. Германияга барганда окуш үчүн 11- классты эмес, 12 — классты бүтүш керек экенин билдим. Бизде 12- класс деген түшүнүк жок эле да. Бул жагынан мен оор кырдаалдарга кабылып жаттым. Бирок тырышып окуй бердим. Мага математика жагы жеңилдей сезилди. Ал жакта окуп жүрүп, Мюнхен университеттинин эл аралык менеджмен жана прикладдык  илим багытына тапшырып окуп калдым. Окуума ар бир семестр сайын 700 евро, жатаканам, камсыздоом жана күнүмдүк 500 евро  болуп отуруп жалпысынан айына 800-1000 евро коротчумун.  Бишкекте ата-энем аз айлыкта иштесе мындай чоң суммадагы акчаны кайдан тапмак эле. Мен өзүмдү өзүм камсыздаш үчүн күндөп-түндөп иштеп, окуп эс алуусуз уйкуга зар болгон күндөрүм өттү.

Чет жерде жумушка кирүү кыйын

Чет жерде жумушка кирүү кыйын, биздегидей тааныш менен ала беришпейт. Жөнөкөй жумушка кириш үчүн да тажрыйбаңды,  жаш ченемиңди, үй-бүлөлүк абалыңды, канча тил билгениңди карашат. Көп жерде бойдок болушун шарт. Анткени аларга толук убактысын жумушка бөлгөн жумушчу керек. Мен мындай жумушка кириш үчүн 8 жылдан ашык убактымды сарптап, тынымсыз эмгектендим. Чоң ийгиликке жетериме ишенимим чоң болучу. Менин жашоомдогу чоң тажрыйба алган жерим Париждеги Lectra аталыштагы эл аралык технологиялык компания болду. Ал жерде алгач каржы директорунун жардамчысы болуп иштеп,акырындык менен бухгалтерия тармагына өттүм. Жумуштан кийин убакыт да пайда боло баштады. Бул учурларда француз, испан, итальян тилдерин окуй баштадым. Анткени канча тил билсең ошончолук мүмкүнчүлүктөр ачыларын жакшы түшүнүп калгам. Жумушум менен Бордого бардым, Париждин баардык бурчунда болдум.

COVID-19 жашоомо өзгөртүү алып келди

Парижде  көптөгөн пландамды коюп, максаттарымды орундатууга аракет кылып жатканда COVID-19 башталып калды. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Аралыктан иштөө компаниядагы кызматчылардын санын азайтууга алып келди. Алардын арасында мен да бар элем. 2021-жылы жумушумдан бошоп, жаңы жумуш кароо башталды. Бул жолу жумуш табуу мага кыйынга турган жок. Иштеген жеримден ат көтөргүс тажрыйба менен беш тилде эркин сүйлөп калгам. Бактыма  немецтердин унаа өндүрүүчү BMW Group компаниясы чакырып калды. Ал жерде төрт жолу баарлашуу болду. Тажрыйбамды сурашты, жумушка болгон мамилемди, жылдык киреше чыгаша сыяктуу эсептик суроолорду беришти. Ошентип мен ал компанияга кызматкер болуп калдым.  Жумушум, айлык акым көңүлүмө толот. Биз жумасына 35 саат иштейбиз. Ашыкча иштеп калсак аны өзүнчө төлөп берет. Жуманын башталышында бир жолу офисте отуруп 9 саат отуруп иштейбиз, калган күндөрү үйдө аралыктан иштесе болот.

Мюнхенде жашоо кымбат

Мюнхен эң кымбат шаарлардын катарына кирет. Бул жакта 1,500 евро камсыздооңо кетет. Бул айлыгыңдын 60 пайызын түзөт. Эгерде жумушсуз калсаң ошол акча менен өзүндү камсыздай аласың. Ар бир жаран салыкка отчет берүүгө милдеттенген, жыйынтыгында көп төлөйсүң же айлыгыңдын көп бөлүгү кармалып калганын билесиң. Айдын аягында батирдин акчасы гана чөнтөгүңдө калат. Батирлердин баасы асманды чамчыйт. Эки бөлмөлүү батир 450 000- 500 000 евро турат. Жашоочулар батирди 20-30 жылга ипотекага алышат. Бул жагынан салыштырганда Кыргызстандан өтөрү жок. Быйыл Бишкектен үй сатып алдым. Азыр айлыгымдын бир бөлүгү кредитиме, экинчиси ижарага, үчүнчүсү эс алууга, төртүнчү бөлүгү күнүмдүк керектөөмө кетет.  Бул шаарда өмүр бою иштегенди каалабайм, акциялар менен иштеп, 6 пайыздык дивидентке илинип калууну аракет кылып жатам.

Германия кыялымды орундатты

Бала кездеги Англия, Америка деген эңсөөмдү Германияда иштеп жүрүп орундатты. Европа өлкөлөрун толук кыдырып чыктым, Америка Кошмо Штатын болсо  35 күн бою кыдырдым. Алгач Нью-Йорктон баштасам, Сан-Франциско менен аяктадым. Арманым жок. Жашым өткөндө жарым жыл Кыргызстанымда жашасам, жарым жылды Германияда өткөрөм деп ойлойм. Мен учурда толук кандуу Германиянын жаранымын. Жаш кезимде иштеп алыш керек. Планымда дагы эки жыл окушум калды. Буюрса Кыргызстанга стартегиялык кеңеш берүүчү консалтин компаниясын ачам.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg