Атайын органдар Алишер Козуевдин жакындарына катталган жерлердин мыйзамсыздыгын ачыкташабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облусунда карапайым калкка жер тартыш, бир сотыхка зар болуп келишет. Курултайга чейин арызданышып, сыздап жатканын уктук. А депутат Алишер Козуев туугандары менен Жоош, Отуз-Адыр айыл өкмөттөрүнөн жүздөн ашык гектар жерлерди басып алышканы ачыкталабы? Кимдерди кууратышкан? Бул боюнча УКМК же ИИМ текшерүүгө алып, тергөө тобун түзсө эле баары ачыкка чыкканы жатпайбы, туурабы? Жергиликтүү тургундар Козуевдерден коркушат экен. Алар ашкерелөө үчүн батына алышпай, тең укуктуулук сакталбай, кордук көрүп жатышканын айтышууда. Булар жергиликтүү бийлик башчыларын колго алышып, коркутуп-үркүтүшүп, баарын басынтып салышканы жалганбы? Дагы кайталайбыз, атайын органдар Алишер Козуевдин жакындарына катталган жерлерди, мүлктөрдү текшерүүгө алышса, көп мыйзамсыздыктар, былыктар ачыкталат беле?.. «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg