«Ата, сизди сагындым, жаныңызга баратам» 15 жашар окуучу өз жанын кыйды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облусунун Ноокат районундагы айылдардын биринде 15 жаштагы окуучу өз үйүнөн асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында 15 жаштагы өспүрүм үйүндө асынып алган. Аны апасы Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Андан соң милицияга кабар берилген.

Аталган маалымат Ноокат РИИБсинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган айылдын 7-классынын окуучусу 2007-жылы туулган В.А. «Ата, сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген мааниде кат жазып калтырып, өзүн-өзү асып алган. Маркумду алгач апасы көрүп калып, ошол замат жибин чечип, Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган. Учурда окуучунун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат” деп жазылат маалыматта.

Аргумент.kg