Ата мен жалганчы апамды сагындым, мага кайтарып бериңизчи

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сегиз жаштагы кыздын апасы көз жумду. Аны эне мээриминен куру калбасын деген ниетте атасы белгилүү убакыттан кийин башка бир аял менен баш кошту. Күндөрдүн биринде атасы кызын алдына отургузуп алып сурады: — Кызым, мага айтчы, жаңы апаң менен эски апаңдын ортосунда айырмачылыктар бар бекен? — Ооба, ата, албетте. Эски апам мага дайыма калп айтчу. Ал эми жаңы апам чындыкты сүйлөйт экен. Атасы көпкө ойлонуп отуруп, кайрадан кызына суроо салды: — Кызым, мага түшүндүрүп берчи, сен кандай жалган менен чындыкты айтып жатасың? — Билесизби, атаке, мурунку апам айтчу, эгерде менин айткандарымды укпай турган болсоң, анда кечки тамакты ичпейсиң деп. Ал канчалык бул сөздөрүн кайталабасын, мен кулак да салбай, кээде досторум менен бирге кеч киргенче да ойноп жүрө берчүмүн. А бирок дайыма үйгө келген учурда апам мени ак дастаркон үстүндө өзүнүн даамдуу тамактары менен тосуп алчу. Ал эми жаңы апам болсо эгерде кулак салбасаң тамак бербеймин дейт да, чын эле тамак бербей коет. Атаке, мага жалганчы апамды таап бериңизчи, мен аны ушунчалык катуу сагындым…

Аргумент.kg