Асылбек Жээнбековдун адвокатына кылмыш иши козголду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Адвокат Давран Касымовго козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу адвокат журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бир жарым жыл мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүзүлгөн.

«Мага каршы бир адам арыз жазып, менин оппоненттен акча алганымды көрсөткөн. Андан кийин мен укук коргоо кызматкерлерине бардык фактыларды текшерүүгө мүмкүнчүлүк бердим. Алар менден эч нерсе таппагандан кийин, ишти токтотушкан. Менде сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча бардык буйруктар бар жана соттун эч кандай тергөө чаралары көрүлбөйт деген токтому бар. Бир нече күн мурун ал кайрадан архивден алынды. Кыска убакыттын ичинде Башкы прокуратурага Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү барып, ишти мыйзамсыз  козгогон«,- деди ал.

Белгилей кетсек, Давран Касымов «Кумтөр» ишиндеги коррупцияга айыпталып жаткан депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаты.

Аргумент.kg