Асылбек Маратов устатын саттыбы же корктубу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу активист Темирлан Ормуков  өзүнүн жеке Фейсбук баракчасынан билдирди:

«Маркум Элмирбек Иманалиевдин шакирти, окуучусу Асылбек Маратов аттуу жигит соцтармактарга устаты ооруп спецбольницага келгенде “врачтар кабыл албай Фучиктеги ооруканага жөнөтүшкөнүн айткан. Врачтар карантинге байланыштуу кабыл албай койгон”-деп маалымат берген. Учурда Асылбек Маратов мурда айткандарын азыр өзү жокко чыгарып, айткан сөздөрүн такталбаган маалымат болчу деп билдирүүдө. Муну кандай түшүнсө болот? Шакирти устатын саттыбы же Асылбекти коркутуп башкача сүйлөтүп жатышабы? Мага жеткен маалымат боюнча иш жүзүндө Элмирбекти спецбольницага алып келишкен бирок ал жерден Фучиктеги больницага жиберишкен. Себеби Элмирбектин кызыл өңгөчүндө жара болуп кан кусуу фактысын жокко чыгаруу зарыл деген шылтоо болгон. Фучиктеги ооруканада Элмирбекти врачтар кабыл алып кызыл өңгөчүндө жара такталган эмес. Элмирбекке ошол Фучиктеги больницага жатуусун сунушташкан. Бирок Элмирбек көп жылдан бери спецбольницада дарыланып, учётто тургандыктан Фучиктеги ооруканага жатуудан баш тарткан имиш. Ошондуктан Элмирбекти спецбольницага кайра алып келүү зарылчылыгы чыккан дешет. Айтмакчы Элмирбек сахар диабети деп барганы айтылган. Маселе жаратып жаткан жагдай ошол спецбольница эмнеге Фучикктеги ооруканага жөнөтүшкөн?-деген суроодо болуп жатат. Анткени Элмирбектин кызыл өңгөчүндө жара бар же жок экендигин ошол спецбольницанын өзүнөн эле аныктоого шарт болгон. Спецбольницада баардык аппарат, адистер бар эле да, ошого карабастан алар Фучиктеги ооруканага жөнөтүп жиберишкен. Баса белгилей кетчү жагдай Элмирбекти Фучиктеги ооруканага жөнөткөн спецбольницанын дежурный врачында деле айып жок. Анткени бул спецбольницага бейтаптарды жаткырууну дежурный врач чечпейт жана чечкен да эмес. Бул элитный спецбольницага адам жаткырууну заведущийлер түздөн-түз чечишет. Учурда ошол врачтар кыйсыпыр түшүп дежурный врач менен медсестра, санитаркаларына күнөөнү түртө салып кутулуунун айласын издешип жаткан маалда башкы күбө болчу адам Асылбек Маратов өзүнүн сөзүн өзү танып жатканы Элмирбекти экинчи жолу өлтүргөнгө барабар иш. Албетте дежурный врачтын да айыбы бар, бирок башкы жоопкерчилик заведущийлерде жатат. Себеби бул элитный ооруканада орун ченелүү, карапайым адам оңой барып жата албайт. Бир кезде мен апамды жаткырып дарылатып чыккам. Ошондо билгем бул спецбольницадагы ички тартиптерди. Учурда аталган спецбольницанын жетекчилиги жаналекетке түшүп өздөрүн актоонун жолун издешүүдө.Эгер жакында Элмирбектин жубайы же жакын туугандары бул ишти иликтөөгө каршы болушса мен таң калбайм. Силер да эгер кокустан эле Элмирбектин туугандары, жубайы, коллегалары тарабынан “Арбакты козгобогула, бул Кудайдын буйругу, врачтарга дообуз жок”-деген билдирүүлөрдү уксаңар таңыркабагыла. Себеби спецбольницанын жетекчилигинде турган адамдар майда кишилерден эмес. Коомчулуктун жаагын басыш үчүн майда врачтардын бирин салып берип кутулушат. Азыр да мага личкама жазышып “Бирөөлөрдү жазалаганда Элмирбек тирилип келмек беле бул да Алланын буйругу, тагдыр, жазмыш.Сөөгүн тынч жаткыргыла”-деген сөздөрдү жазып кысымга алуунун аракетин көрүшүүдө. Алтындарым! Мен бул ишти иликтетип Элмирбектин өчүн алайын деген жокмун. Тирилип келбесин да билем. Болгон аракетим мындай көрүнүштөр келечекте кайталанбашы үчүн азыр чукул чара көрү парасы жок палатага киргизбеген опкок заведущийлерди жазалап коюш керек деген эле ой болчу. Системаны оңдойбуз, коррупция менен күрөшөбүз дейбиз. Айткылачы мындай көрүнүштөргө чара көрбөсөк, баары Кудайдын буйругу, тагдыр, жазмыш деп отура берсек, анда кантип өлкөбүз өсөт? Анда күрөшүп эмне кылабыз? Коррупцияны кошок менен, боздогон ыр менен жеңбейт!!! Бул Элмирбектикиндей көрүнүш биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Мындай жорук жалгыз эле спецбольницада эмес, башка ооруканаларда да бар. Канча карапайым адам Элмирбектей абалга туш болгонун ким билет? Элмирбектин жакын достору, коллегалары Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыров, Токтобек Асаналиев, Сыймык Бейшекеев сиздерге кайрылат элем Элмирбектин өлүмүнө алып келген шалаакылыктын ийне-жибине чейин иликтетип чыгуу силерге парз болмокчу! Себеби раматылык Элмирбек дал ушундай шалакылык менен, бйиликтеги, коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүп сындап келген, акыры өзү ушундай терс ®көрүнүштүн курмандыгы болду! Тиги Асылбек Маратов деген шакирт окуучусуна Куран карматсаңар да чындыкты айттырууңар абзел.

Баса, тиги саламаттыкты сактоонун жаңы министри азыртан эле отставкага кете берсе туура болот. Анткени “чү”-дегенде эле анын министрлик карьерасы өлүм менен башталды. Мындай Каражолтой министр кыйратып деле иштеп жибербейт!!!»-деп билдирди

Аргумент.kg