Асыл Айтбаева: “Асия Сасыкбаеваны камакка алуу – акылга сыйбаган иш”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын экс-вице-спикери Асия Сасыкбаеванын бир тууган сиңдиси Асыл Айтбаеванын сөзүн угуп көрдүк. — Асыл айым, эжеңизге тагылган айып канчалык негиздүү, бул жөнүндө эмне дейт элеңиз? — Кыргызстан — демократиялык өлкө. Андагы жашаган ар бир жаран өзүнүн көз карашын, коомдогу болуп аткан окуяларга карата пикирин, оюн билдирүүгө, айтууга толук укугу бар. Эжем мамлекеттик төңкөрүшкө же тополоңго түрткү бере турган мыйзамга каршы эч бир чакырык жасаган эмес. Ошондуктан бийликтегилер эжемди кылмыш жоопкерчилигине тартуусуна негиз жок болчу. Бул жагдайды биз эле эмес коомчулук да түшүнбөй турат. Эки айдан бери 20дан ашык камактагыларга оор берене тагылып, бирок бир да далили жок кармап отурушат. — Бүгүнкү күндө Асия эженин акыбалы кандай? -Эжем акыбалы боюнча бизге түзмө-түз айтпаса да өтө эле оор. 70тен ашкан аял кишини өтө коркунучтуу кылмышкердей кармап отурганы акылга сыйбаган иш. Жаңы жыл алдында туугандар тамак киргизишти. Өзүм ооруканада жатканга байланыштуу ал жакка бара албадым. Бир туугандардын айтымында, акыбалы өтө эле оор экен. Эң болбоду дегенде үй камагына чыгарып коюп деле сурак жүргүзүшсө болмок. Сурат Жылкычиев «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg