Аскар Акаев: «Садыр Жапаров өзү мага телефон чалып чакырган»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле каалаган убакта ал жакка бара алам. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев «МК» басылмасына берген маегинде билдирген.

«2021-жылы мен эки жолу мекениме бардым. Жайында бир жума, декабрда бир жума жүрүп келдим. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр мекенимде мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле каалаган убакта ал жакка бара алам.

Албетте, буга азыркы президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал өзү мага телефон чалып, 16 жылдан бери Кыргызстанда мага карата көптөгөн ар кандай иштер чогулуп жатканын, алардын көбү ойдон чыгарылганын, бирок аларды жабуу үчүн менин түшүндүрмөлөрүм, жоопторум керектигин айтты. Бишкекке учуп келүү сунушун ыраазычылык менен кабыл алдым. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты», — деди ал.

Ал эми «Кыргызстанга барганда алданып калам деген шек болгон жокпу?» деген суроого бул эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде макулдашылганын айтты.

«Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Орусияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн», — деди ал.

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга август айында эле келген. Экс-президент УКМКда сурактан кийин тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн мойнуна алган. Аскар Акаев ошондой эле бир нече күндүн ичинде Кемин районундагы кичи мекенине барып, Таластагы кайын журтуна барууга үлгүргөн.

Аргумент.kg