Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаеванын Кыргызстанга келгени боюнча коомчулукта катуу сындар айтылып жатат. Өзгөчө мыйзам карапайым элге эле иштеп калды деген нааразычылыктардын учкуну тутанып баштады.
Чындыгында өлкөнү тоноп, мамлекеттен куулуп кеткен Аскар Акаевдин сүттөн ак болуп, элге, мамлекетке зыянын тийгизбеген ак каргага айланып Кыргызстанга кайтып келгени, моралдык жагын эске албаганда дагы, укуктук, мыйзам жагынан алганда көп суроолорду жаратат.Бул туурасында маалымат булактардын биринде айтылган
Эң эле кызыгы, өлкөнү тоноп куулуп кеткен адам, студенттерге лекция окуп, акыл үйрөтөм деп жатканы кайсы мыйзамга, логикага сыят? Акыры Акаевдин акылына муктаж боло турган болсок, «ичип-жеп, тоносоң мейли, эл итке минсе да элге убал жок» деп жайына коюш керек эле.
Булак:Аргумент кж