— Асия эже, учурдагы саясый абалды кандай баалап атасыз?
— Саясый абал мамлекетибизде чатак (!) десек болот. Анткени, элибизди кыжалат кылган көп орчундуу маселелер оң жагына чечилбей келет. Улутубуздун, элибиздин коопсуздугу жөнүндө коркунуч жараткан жагдайлар күн сайын көбөйүүдө.
— Оппозициянын биримдиги жок болуп атканы ыраспы?..
— Бизде оппозициянын биримдиги эч качан болгон эмес. Бирок, кезеги келип калса бир сааттын ичинде биримдиги чечиле калат. Тарых ага күбө. Акыркы 30 жылдын ичинде ар кандай оппозициялык топтор өз-өзүнчө аракеттенишип, бирок мамлекет саясый коркунучка кептелип калса, баары биригип, бийликти бир заматта алмаштырып коюшканын билебиз.
— Саясаттан четтеп калган жоксузбу?
— Бүгүнкү күндө саясаттан четтеш мүмкүн эмес. Мамлекетибиз жакшы жакка оңолмоюн иштешибиз керек.
Булак: Азия News гезити