Ашырашып кайра биринчи күйөөмө кетип калсамбы?

Ашырашып кайра биринчи күйөөмө кетип калсамбы?

07-аяк оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы мен сиздерден кенеш күтөм. Мен турмушка чыканыма 1 жыл болду. Бирок мен мурда да турмушка чыкканмын ажырашып кеткенбиз. Бул жолдошум да наачар болуп болбогон сөзгө таарынып сүйлөнө берет жашагым келбей калды. Ортодо мурунку күйөөм кайра пайда болуп мени менен жаша бактылуу болобуз деп жатат. Азыркы күйөөмөн бир кызыбыз бар. Аны негедир жаман көрүп калдым чалса албайм чёрныйга салып салгам кызым үчүн жашайлы, кызымды көргөзүп турчу деп суранат. Мен такыр көргөзбөй жатам. Азыркы учурда Ата-энем менен турам суранып кечирчи деп келет кайра кайра бир иштесе бир иштебейт. Айткан сөзүнө турбайт сөз берет кайра эле адатынча жиниме тийип ар кайсы сөздү сүйлөйт. Ажырашсамбы деп жатам кайра берки күйөөмө тийсемби деп же бул күйөөм менен эле чыдап жашасамбы? Мен туура чечим кылып жатамбы же жокпу кенешиниздер күтөм Экөө нөн тең баш тартып койсомбу же?