Ашыкча чыгымдарды токтотууга карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Араванда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 9-март күнү Араван районунун Маданият үйүнүн жыйындар залында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Кенжебек Абдуллаев, айыл аймак башчылары, мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы N54 жарлыгы толук жеткирилди.
Араван районунун акиминин орун басары Музаффар Мамасаидов Жарлыктын аткарылышы боюнча кандай мыйзам актылар кабыл алынып жаткандыгын, Жарлыктын талаптарынын аткарылышы боюнча жергиликтүү калктын сунуш-пикирлерин эске алуу менен атайын жобо иштелип жаткандыгын маалымдады.
Ал эми, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Кенжебек Абдуллаев акыркы жылдары райондун аймагында ашыкча ысырапкерчиликтин кесепетинен көптөгөн жарандар оор жагдайга туш болуп, карызга батып, өз жанын кыйгандар, терс кадамдарга баргандардын саны өсүп жаткандыгын айтты. Талдоо көрсөткөндөй ошондой абалга барып калышынын бирден-бир себеби маркумду акыркы сапарга узатууда жана салтанаттуу аш-тойлорду атандашуу менен ашыкча чыгымга дуушар болуп калуу экендигин, ошондуктан ошондой элге терс таасирин тийгизген динге да мыйзамга да туура келбеген ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу муктаждыгы келип чыккандыгын, бул кадамдар элибиздин жашоо шартын жакшыртууга болгон чаралар экендигин айтып, ошондуктан Жарлыктын талаптарын так аткарууга чакырды.
Ошондой эле, Ош облусунун казысынын орун басары Алибек Жусупов шариятта да ашыкча чыгымдарга жол бербестигин айтып, Жарлыктагы талаптар өз учурунда чыккандыгын белгилеп, айылдагы имамдарга элге туура түшүндүрүү керектигин, бул багытта муфтияттан фатва чыккандыгын билдирди.

 

Аргумент.kg