Аширходжаев 400 миң доллар үчүн Талипованы түрмөдөн чыгарып, Аалиевди каматып салганбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушул суроо ИИМдин борбордук аппаратында дуулдап аткан кези. “Шибегени капка ката албайсың” дейт…

Октябрь РИИБнин мурдагы начальниги Улан Аалиев сот процессинде коллегалары менен учурашып, учкай сүйлөшүүгө үлгүргөн. “Мен жакында камактан чыгам, ордума Эркебек Аширходжаев баш болгон милициянын жетекчилери камалышат!” таризинде кеп айтыптыр. Улан Аалиев миллиондорду айландырган Асыл Талиповага кылмыш ишин козготуп, камакка алганы эсибизде. Бирок бул чуулганга ИИМдин айрым чоңдору да аралашып, “кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, баары тескерисинче чыкпадыбы. Асыл Талипова 400 миң доллар ыргытуу менен камактан чыгып, милициянын начальнигин каматып салганы далилденеби? Бул кыңыр иштин башында Аширходжаев турганбы? Эгерде сот, прокуратура калыстыкты карманса, көп былыктар чыкчудай… Чындык ачыкталабы?

А баса, УКМКда Улан Аалиев менен Канатбек Исаев бир камерада жатышат экен. Бул да жөнөкөй табышуу эместир. Тагдырдын буйругу. Келечекте Исаев президент болсо, Аалиев ИИМди жетектеп калабы?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg