АША менен Соке бири агынан, экинчиси кызылынан согуп элдешкенде

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Жакында эле Президент Садыр Жапаров экс-президенттердин башын бириктирип бир столго отургузганы баарыбызга маалым. Ал эми  2% рейтинги бар досун  күчкө салып  президент кылган, АША менен Сокенин кантип бир столдо отургандыгы тууралуу Садыр Жапаровго суроо беришкен. Президент өзүнүн жообунда: «Биз Дубайдагы жолугушууга чейин эле Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шарипович экөөнү бир столго отургузуп элдештиргенбиз»-деген.

Экөөнүн бирин-бири элдешип көптө тараганына караганда эки дос өздөрү жар салгандай бири агынан, экинчиси кызылынан алып ичикиликтин эле айынан өткөн-кеткендерин унутушкандай.

Мейли кечиримдүү болуп элдешсин дейли. Бирок экөөнүн тен артында жүргөн, окко-чокко түшүүдөн кайра тартпаган тарапташтары эмне дешээр экен. Же алар да өткөн кеткен иштерди кечиришеби же түпөйүп ойлор ичинде калабы. Анткени бир далай тарапташтары жөн жеринен кордук көрүп айрымдары түрмөгө да отуруп чыгышканы баарыбызга маалым.

Садыр Жапаров уюштурган президенттердин Дубайдагы жолугушуусунун көшөгө артында калган маселелери күтүлбөгөн жерден чыга калышы мүмкүн экендиги көрүнүп калды.  

Булак: Аргумент.кж

 

Аргумент.kg