Асел Кадырбековага «Замандаш» партиясы канча төлөп берди?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Асель Кадырбекова кырсыктап, бүтүн кыргыз эли ал үчүн дуба кылып сарсанаа болгону баарыбызга маалым. Бирок, анын өзүнө келе албай жатып жарнама ишин баштаганы көбүнүн кыжырын келтирүүдө. Бул ирет ырчы айым: -«Замандаш» партиясын үй-бүлөбүз менен шайлайбыз,-деп үгүт иретинде киргизген посту күйөрмандарына жакпады көрүнөт. «Акча үчүн эмнелерди гана кылбайбыз. Дагы бир аз күтө турсаңар силердин үй-бүлөңөргө мындан дагы көбүрөөк акча бере турган партия табылып калаар.»-деп калтырышкан. Аларга жооп кылып: «Сиздин көңүлүңүздү калтырайын. Партия мага 1 дагы сом төлөп берген жок»-деп жооп кайтарган Асель Кадырбекова.

Аргумент.кж

Аргумент.kg