Асейин Саралаев: Бакиев кандай караланса ошондой акталышы керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы күндөрү кыргыз коомчулугунда кызуу талкууну жаратып жаткан белгилүү журналист Бекен Назаралиев менен экс-Президентибиз Курманбек Бакиев агабыздын маегин мен дагы кылдаттык менен окуп чыктым. Чынын айтсам бул маекке абдан сүйүндүм!!! Анткени акыркы күндөрдөгү 13 жашар кыздын окуясы, дин аалымын каралоо сыяктуу толуп жаткан негативдүү көрүнүштөрдүн карама-каршысында, экс-Президенттин маеги коомчулук үчүн коркунучтуу оорудан кайтарган вакцина сыяктуу таасирлүү болгонун байкадым. Анткени бүгүнкү күндө гана эмес акыркы 12 жылдан бери болуп келе жаткан коомдогу акмакчылыктар Курманбек Бакиев башкарып турган жылдары болгон эмес! Эң өкүнүчтүүсү маек жарыяланган күндөн баштап Атамбаевчил ММКлар менен фейк фабрикалар күнү-түнү күпүлдөп иштешип, аларга Азаттык, Клооп жана Кактус деген көчүгүнөн бери тикенекке толгон маалымат каражаттары жеңеке болушуп, жакшынакай маектен айрым контексттерди бөлүп алышып элге бурмалап, мазактап, шылдыңга айлантып берип жатканы болду. Аларды болсо городской сөрөйлөр, трайбалисттер, Бакиевдин убагында өзүнүнүн шүмшүктүгүнөн устаканга жетпей калгандар жарыша жамандап жатышканы жаңылык деле эмес… Алардын 12 жылдан бери айыкпаган «геморойу» эми айыгат беле деп күлдүм да, экс-Президентибиз Курманбек Салиевичтин маеги боюнча өз пикиримди билдирип кетейин дедим. Бул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе Аскар Акаевдин Казахстанда туруп берген маеги удаалаш жарыяланса дагы элдин Курманбек Бакиевге болгон ишеничи жогору экенин жана «Бакиев Ала-Тообузга келсин» деген элдин көп экенин көрүп абдан кубандым! Ал эми көчүгү шакмарлар көзү өткүчө жамандай беришсин… Курманбек Бакиев менен болгон маектен мен эмнелерди байкадым? Эң биринчи байкаганым бул маек алдын ала даярдалбаган, эч кандай сценарийи жок, жасалма эмес, жөнөкөй форматтагы жалпак тил менен алынган кызыктуу баарлашуу болгону абдан жакты. Маектештердин эркин баарлашуусу, коомдогу азыр дагы актуалдуу болуп жаткан бир кездеги Бакиевдин башкаруусунда болуп өткөн мамлекеттик маселелердин чын-бышыгын учкай аныктап өткөндөрү дагы көңүлүмө толду. Эң негизгиси Курманбек Салиевичтин жан дүйнөсүн ачып чын дилинен баарлашканы, ар бир жообунда 100 пайыз чындыктар айтылганы кандайдыр бир жылуулук берип турганын сездим. Экс-президент менен болгон маекти окуп жатып казактардын «Дүние-ай» деген атактуу термесиндеги: Жақсылар жақсымын деп айта алмайды, Жамандар жақсымын деп айқайлайды. Жүрген соң бауырында күнде көріп, Таулардың биіктігі байқалмайды…-, деген улуу саптар Курманбек Бакиевдей улуу инсанга арналып айтылгандай элес калтырды. Аттиң ай, залкар тоодой агабыздын бийиктигин гана эмес, ал кишинин даанышмандыгын жана айкөлдүгүн дагы баалай албай келе жатканыбызга өкүндүм. Эми ойлоп көрүңүзчү 12 жыл деген канча деген убакыт? Он эки жылдын айларын, жумаларын, күндөрүн, сааттарын, мүнөттөрүн жана секунддарын эсептеңизчи…Эми ошончо жыл эч кандай күнөөсү жок, болгондо да Кыргызстанды жер каратпагыдай кылып башкарган, өлөсөлүү экономиканы жана калктын жашоосун оңдогон, тышкы карыздарды олуттуу түрдө азайтууга жетишкен Президентибизди киндик каны тамган жерине келүүсүнө талтайган боюнча бут тосуп отурабыз… Бул АДИЛЕТСИЗДИКТИН ЖЕТКЕН ЧЕГИ!!! Анда Акаевди дагы келтирбеш керек болчу! Ал кишинин мамлекет жана эл алдында Бакиевге караганда он эсе күнөөсү чоң!!! Мен маекти окугандан кийин экс-президентибиз Курманбек Бакиевдин айткандарын бурмалап, шылдыңдап, мазактап, жаман сөздөрүн агытып жаткандарга төмөндөгүдөй жоопторду бергим келди: 1- «Курманбек Бакиев эми ойгонуп актана баштады» деген келесоолорго айтарым, эртең китепканага барып 2010-жылдан берки гезиттерди жана интернеттеги Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды жакшылап окуп чыккыла. Атамбаев сыяктуу саат сайын маек бербесе дагы, он эки жыл ичинде бир канча ирет орчундуу маек берип бүгүнкү күндө айтып жаткан сунушун Отунбаевага да, Атамбаевге да, Жээнбековго да айткан. Он эки жылдан бери көз карандысыз акыйкат сотто соттошуудан, өз чындыгын жеткирүүдөн жана МАМЛЕКЕТ ЖАНА ЭЛ АЛДЫНДА КҮНӨӨСҮЗ экенимди далилдегенге даярмын деп айтып келе жатат. 2015-жылы Лондон соту дагы Бакиевдерди күнөөсүз деп тапканда дагы айткан. Он эки жыл бою акыйкаттык, чындык, адилеттик издеп келе жаткан экс-президент Курманбек Бакиевдин чындыгын азыркы президентибиз Садыр Жапаров акыйкаттап берет деп ишенем. Ал эми мурдагы маектерин көрсө да көрмөксөн болгон сокурлар аман эле болгула! 2- Курманбек Бакиевдин «онлайн сотко катышуу жана тергөөчүлөр келсе даярмын» деген сөзү дагы биринчи жолу айтылып жаткан жок. Ошол сөздөрдү биринчи айтып жаткандай, азыркы бийлик менен кайраштырып жаткандар биякта калсын өзүнчө эле юрист болуп кеткендер күлкүмдү келтирди.«Англия-саксония принциби башка герман принцибине туура келбейт» дешип онлайн тергөөнү жокко чыгарып жаткандарга айтарым. Биринчиден юридика илиминдеги мамлекет жана укук теориясы багытынан эч кандай маалыматы жок апендилер силер принцип жөнүндө сүйлөбөй эле койгулачы. Биринчиден аларды принцип дебейт. Мамлекет жана укук теориясында аны дүйгөдөгү негизги укуктук үй-бүлөлөр деп аташат. Дүйнөдө романо-германдык (континенталдык), англосаксондук (жалпы укук), диний (мусулман, индус укугу) жана традициялык (адат укугу) деген негизги 4 укуктук үй-бүлөлөр бар. Ошондуктан сот процессин укуктун эч кандай тиешеси жок башка бутагына чаптап шылдың болбой эле койгулачы айланайындар. Менин жеке пикиримде Курманбек Бакиевге эч кандай коюлган күнөөлөрү жөнүндө бир барак маалымат бербей, сотко катыштырбай туруп кандай КАРАЛОО МЕНЕН КЕСИШСЕ ошондой АКТАШСЫН!!! Бул жагынан дагы да акыйкат сотко жана тергөөгө даяр турган Курманбек Салиевичтин айкөлдүгүнө суктандым! Эгер Атамбаев болсо үйүндө жатып алып догурунуп атып өзүн актаткан өкүм чыгартып алмак. 3- Мен «Чындык жана Жалган » деген китебимди жазып жаткан учурда Кыргызстандын 7 облусунда жашаган элди аралап «Курманбек Бакиевдин башкаруусу убагында жеке өзүңүз кандай кордук көрдүңүз эле? Кандай кыйынчылыктар болгон? Бакиевдин бир туугандары же балдары сизге жаманчылык кылды беле?»,- деген суроолорду берген элем. Эң кызыктуусу эч ким терс жоопторду берген эмес. Тескерисинче Бакиевдин убагында чек арада жаңжал болгон эмес, 2008-жылкы дүйнөлүк кризис учурунда коңшулар ачка калганда биз ток элек, баалар арзан эле, коркпой жашайт элек, жергиликтүү бийликтин ролун көтөргөн, айыл чарбасын, экономиканы оңдогон деген адамдар көп болгон. Анан баягы эле Убактылуу Өкмөт менен Атамбаевдин «Кара маңкалары» ойлоп чыккан бир өңчөй катын ушактарды айтышкан болчу. Бул маекте дагы Максим Бакиев, Алмазбек Атамбаев жөнүндө да так жоопторду берген экен. Айткым келгени эби келбеген катын ушактар менен жалган жалааларды токтотсоңор боло? 4- Маектен кийинки пикирлердин ичинен мени абдан ызаа кылганы, апрель окуясы боюнча Президенттин кыскартылып берилген жообун бурмалашып чуу чыгаргандардын акылга сыйгыс жоруктары болду. Маектин жүрүшүндө Бекен агайдын: Бакыт Бешимовдун жазгандарын эсине салып «Бакиевдин бийлигин карапайым эл жана Путин кетирди» деген пикирине көз карашын сураганда Президент «Чындыкка жакыныраак» дегендей кыска жооп берип, бирок өлкөдө канча митинг болсо дагы күч колдонулбаганын учкай айткан экен. Менимче жообу башка өңүттө болгон. Гезит форматында болсо көп сөздү мааниси жакын кыска сөзгө алмаштырып койгон учур көп эле болот эмеспи? Эми ушул сөздү араң турган шумпайлар жулуп алышып: «Путин куткаруучу, Путин кыргызды сактап калыптыр» дегендей өз бир тууганынын бетине жаба чычкандай арам сөздөрдү айтып чыгышыптыр. Кандай гана бети жок эшексиңер түшүнбөдүм? Оозуңардагы богуңарды жөн жегиле да?! Силердин колуңардан бирөөнүн сөзүн бурмалап, шылдыңдап, душманга басып берип, өз агасын басмырлап, өз эжесин зордуктатып турган гана келет!!! Силердин күчүңөр ошого гана жетет!!! Кийин бир топ саясий эксперттер жазгандай 2010-жылдагы окуянын келип чыгышында Кыргызстандын өнүгүп бара жатканы, Кремлге көз карандысыз болуп бара жатканы албетте орус бийлигине жакмак эмес. Бир гана орус бийлиги эмес батышта да, Кытайда да, а түгүл коңшу өлкөлөрдүн Президенттеринин арасында Бакиевди тезинен кетирүү керек деген инсандар болгон. Эсиңерде болсо бийликтен кетирүүнүн «Кандуу симфония» ыкмасын 2010-жылы Кыргызстанга колдонушканын анын бир буюртмачысы орустардын атайын кызматтары болушу мүмкүн деп сөз кылганбыз. Ошол эле «Кандуу симфония» январь айында Казахстанда, анан Тажикстандын Бадахшанында, кечээ болсо Каракалпакстанда болуп жүздөгөн адамдардын башын жутканын көрдүк. Эми эртең Түркмөнстанда болсо таңкалбайм… Анткени 2010-жылы карапайым эл эмес Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү чет элдик атайын кызматтардын жардамы менен элдин башын айлантып көчөгө чыгарышып, элди өздөрү аттырышып провокация кылуу менен, граждандык согуш чыгып кетишине да кайыл болушуп эптеп бийликке жетүү үчүн Бакиев бийлигин кулатышканын тарых өзү таразалап берчү күн да алыс эмес. Минтип сөздү бурмалап, шылдыңдап, мазактап жаткандар кудай жазаңарды берсин! 5- Мен Курманбек Бакиевди «качкын, бозгун, канкор» деп байма-бай сөз кылган журналисттерди дагы, башкасын дагы такыр түшүнбөйм. Маекти окуган мээси бар адам Курманбек Бакиевдин качкын да, бозгун да, канкор да эмес экендигин дагы бир жолу түшүндү болсо керек. Деги эле 12 жылдан бери ушул уйгактай болгон үч сөздү колдонгондон уялган жоксуңарбы? Эми силерде бетиңер болсо уяласыңарбы? Шекспирдин монологунда айткандай «Уялабы десем уяты жок, бети кызарабы десем бети жок» деген силерсиңер! Мен мурда да айткам, азыр да айтам. 2010- жылы бир гана Кыргызстандын эгемендүүлүн сактап калганы үчүн гана эмес бүтүндөй Борбор Азияны кандуу алааматтан сактап калганы үчүн Курманбек Бакиевге НОБЕЛЬ сыйлыгы бериле турган күн да келет. Ал эми азыркы жетекчилер Кыргыз мамлекетин сактап калганы үчүн «Кыргыз эл баатыры» орденин берсеңиздер болот. Кыргызстанды экинчи Афганистан, Йемен, Сомали, Ливия, Сирия, Ирак болуудан сактап калган, тынчтык үчүн өлкөдөн өз эрки менен чыгып кеткен улуу инсанды «качкын, бозгун, канкор» дегенден уялгыла! Уялгыла, эгер бетиңер болсо… Сөзүмдүн аягында айтарым мен мурда кудайдын улуу сөзү болгон Тоорат, Инжил сыяктуу ыйык китептерди кандай акмак адамдар бурмалап салган деп таңкалат элем. Көрсө ошол Тоорат, Инжилди бурмалаган сыяктуу бир жөнөкөй маекти да бурмалаган акмактар бар турбайбы көрсө… Ошол кудайдын каргышы тийген бактысыз адамдар биздин доордо да көп экен… Байкуш бактысыздар!!! Мен кызыктуу маек үчүн Бекен Назаралиевге жана экс- Президентибиз Курманбек Салиевичке терең ыраазычылык билдирем. Башында сөз кылганымдай баш көтөрбөй бир дем менен окуп чыккан, чындыкка толгон, өткөн күндөрдүн чыныгы сүрөтүн чагылдырган жөнөкөй жана маалыматка бай баарлашуу болуптур! Кудай буюрса КУРМАНБЕК АГАБЫЗ АЛА-ТООБУЗГА КЕЛЕ ТУРГАН КҮН ДА АЛЫС ЭМЕС!!! Сизди чыдамсыздык менен күтөбүз!!! Сизге узун өмүр каалайм!!! Мен жалпы бийлик өкүлдөрүнө, элге бир гана сөздү айткым келет… БАКИЕВДИ КАНДАЙ КАРАЛАШКАН БОЛСО, ОШОНДОЙ АКТАШСЫН!!!!

Аргумент.kg