Арзыбек Бурканов “бийликтеги душмандар” тазаланган соң чоң кызматка келеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Жеңиш Разаков кызматта турганда Арзыбек Буркановдон 1 миллион 200 миң доллар алып, кайра бербей койгону, алдамчылык кылганы боюнча камакка алынды. Тергөөнүн сыры катары көп маалыматтар чыкпай атабы? Азырынча күдүк кептер күчүндө. Жеңиш Разаков Баткен облусунун губернатору, вице-премьер-министр кезинде алдым-жуттумдукту, өкүмзордукту кыйла жасаганы, көп адамдарга зыян келтиргени ачыкталабы? Контрабанда, кызмат абалынан кыянат пайдалануу иштери да тизмектелеби? “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, кыйла кыңыр иштер убакыт өткөн соң кашкая баштады. Баткендиктердин көпчүлүгү Жеңиш Разаковдун камалганына кубанып жатышканы бекер жерден эмес го. Элден чыкканы ушулбу?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg